www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Энергетикалык ресурстары менен азык-түлүк байлыгы - Батыш санкцияларына каршы күрөшүүгө мүмкүндүк берген Орусиянын башкы көзүрү болуп саналат. Мындай пикирин Кытай Коомдук илимдер академиясынын Орусиянын экономикасын изилдөө бөлүмүнүн директору Сюй Полиндин "Гуаньча" порталына берген маегине шилтеме кылып РИА Новости жазды.

Ал белгилегендей, Москва антироссиялык чектөөлөрдү ийгиликтүү жеңип жатат.

"Батыштын санкцияларына каршы күрөштө Орусияга артыкчылык берген жагдай — энергетика жана азык-түлүк. Европада газдын баасы кыйла кымбаттап турган чакта Орусия Евробиримдикке көгүлтүр оттун баасын дагы 30 пайызга көбөйтүп койду", — деди Полин.

Ал кошумчалагандай, Москванын эгин экспорттоо мүмкүнчүлүгү да чоң.

"Президент Путин быйыл өлкө 50 миллион тонна дан экспорттой алат деп билдирди. Бул Орусия өз милдеттемелерин эч көйгөйсүз аткара алат дегенди билдирет. Эми кеп анын баасы кандай болорунда", — деди кытайлык адис.

Орусиянын Украинадагы атайын операциясы башталгандан кийин Батыш Москвага каршы санкциялык кысымын күчөткөн. Кремль Батыштын аракеттерин экономикалык согуш деп атап келет.

Белгилей кетсек, Украинанын президенти Владимир Зеленский Беларусь аркылуу эгин экспорттоодон жана коңшуларга жардам берүүдөн баш тарткан. Ал эми Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Алексей Данилов украин данын деңиз аркылуу жеткирүү өлкөнүн коопсуздугу кепилденмейинче эч кимге эгин берилбестигин билдирген. 

Алэми буга чейин Орусия президенти Владимир Путин Украинадан эгин экспорттоонун бир нече жолу бар экенин айткан.

Борбор Азия мамлекеттери, анын ичинде Кыргызстан да дан азыктарын негизинен Орусиядан импорттойт.

Эске салсак, апрель айында БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Украинадагы кырдаал адамзаттын 20%ын жакырчылыкка жана ачарчылыкка алып келиши мүмкүн экенин эскерткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости