www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ак-Ордо жаңы конушунда мамыга байланган адам психиатриялык ооруканада каттоодо турганын Чүй облустук ИИБ билдирди.

Ал үстүбүздөгү жылдын 20-июнунда болжолдуу саат 16:00 чамасында аталган жаңы конуштун жашоочусунун үйүнө кирип, андан кийин бир нече түгөй бут кийимин, ошондой эле уюлдук телефонун уурдап, изин жашырып кеткен. Ошентип ал жалпысынан 14500 сомдук материалдык зыян келтирген. 1966-жылы туулган А.Л. аттуу жаран арыз менен кайрылган.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 205- беренеси (уурдоо) боюнча катталган. 

Жергиликтүү тургундар тарабынан кармалган адам Сокулук районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилген. Ал 1965-жылы туулган Э.Ф. экени аныкталды. Жакындарынын айтымында, шектүү психиатриялык ооруканада каттоодо турат. Ал 2020-2021-жылдар аралыгында дарыланган жана өзүнүн иш-аракеттери үчүн жооп бере албайт.

Кошумчалай кетсек, шектүүнүн жакындары тууганынын катышуусу менен жарыяланган видеоматериал боюнча эч кандай доосу жок экенин билдиришип, арыз жазуудан баш тартышкан.

Бирок ага карабастан иштин бардык жагдайларын тактоо үчүн ар тараптуу жана объективдүү иликтөө жүргүзүү максатында милиция кызматкерлери тарабынан бир катар тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Шектүү Сокулук районунун ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ошол эле учурда милиция айрым жарандар көрсөтүлгөн факты боюнча улуттар аралык жаңжалга үндөгөн билдирүүлөрдү тарата баштаганын белгилейт. «Улуттар аралык жаңжалды жайылтуу, ошондой эле шыкакчы болуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган», - деп эскерттишти милициядан.

Белгилей кетсек, күн мурун Ак-Ордо конушунда мамыга эркек кишинин байланып турганы тартылган видео соцтармакта тараган. Ал адамдын төшүндөгү баракта “ууру” деп жазылып турган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости