www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын Ички иштер министрлигинин адистери Кыргызстандын ички иштер органдарына учкучсуз учуучу аппараттар менен иштөөнү киргизүүгө жана окутууга көмөк көрсөтүү максатында Кыргызстанга келишти. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эксперттик делегациянын курамында Түркия ИИМнин "Биотексан" компаниясынын башкы директору Осман Келеш, Түркиянын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар департаментинин башчысы Абдульселам Өзтүрк, Түркия Полициясынын башкы дирекциясынын МТББнын башчысынын орун басары Туркер Йыртан жана башкалар бар.

Ички иштер министринин орун басары Суюнбек Ниязбеков укук коргоо органдарына учкучсуз учуучу аппараттарды киргизүү улуттар аралык уюшкан кылмыштуулукка, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана терроризмге каршы күрөшүүдө инновациялык ыкма, ошондой эле коомчулуктун коопсуздугун жана туруктуулугун камсыздоодо маанилүү кадам экенин баса белгиледи.

Конокторго ИИМдин Басма сөз кызматынын модернизацияланган борбору, милициянын көчмө кабылдамасынын мониторинг бөлмөсү, криминалистикалык борбор, расмий делегациялар менен жолугушуулар жана онлайн конференциялар үчүн эл аралык кызматташуу залы көрсөтүлдү.

Өзгөчө көңүл өлкөнүн бардык облустарында жана шаарларында эл көп чогулган жерлердеги абал интеллектуалдык камералар аркылуу онлайн режиминде көзөмөлдөнгөн ыкчам башкаруу жана координациялык борборго бурулду. Акыркы технологиялар милициянын мобилдик пункттарынын ишмердүүлүгүнө көз салууга, милициянын аймактык тескөөчүлөрүнүн төш камераларынан аудио жана видео маалыматтарды алууга мүмкүндүк берет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости