www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алайдын Көк-Кыя тилкесинде жер чөгүп, унаа каттамы токтоду

Кечээ, 20-июнда нөшөрлөгөн жаандан улам Алай районунун Гүлчө – Октябрь жолунун 9-чакырымында (Көк-Кыя тилкеси) жер чөгүп, каттам токтоду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жер чөккөн аймактагы электр мамычалары кулап кетүү коркунучу жаралууда.

Учурда Алай райондук Жарандык коргонуу кызматтары тиешелүү жумуштарды аткарууда. Жерине ӨКМден 3 кызматкер, 959-Жол тейлөө мекемесинен 1 техника жана 5 кызматкер тартылып, оңдоо иштерин жүргүзүүдө.

Ошондой эле Октябрь айылында нөшөрлөп жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон сел жүрүп, ички чарбалык жолдорду жеп, каттамды кыйындаткан, Дербиш тилкесине өтүүчү ички чарбалык жолдун болжол менен 80 метрин жууп кеткен.

Гүлчө – Октябрь жолунун15-чакырымындагы көпүрөнүн каптал беттерин суунун ташкыны жеген. Учурда көпүрөдөн өтүүгө бир тараптуу гана каттам бар, бирок бул жерде жер катмары көчүп кетүү коркунучу жаралууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости