www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Уставдык капиталы 1 миллиард сом болгон "Кыргызиндустрия" ишканасы болгону топчу менен мык гана чыгарат экен. Күлкүлүү, ошол эле маалда өкүнүчтүү көрүнүш. 

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев парламентте айтып чыкты.

Эл өкүлү өз сөзүндө: "Мына "Кыргызиндустрия" ишканасынын уставдык капиталы бир миллиард сом. Эмне деген акча? Бирок эч нерсе кылышпайт экен. Болгону топчу менен мык чыгарат экен. Мунун кимге кереги бар. Уят эмеспи. Президентти уят кылып бүттүңөр. Силердин саясатыңарды түшүнүп болбойт", - деп нааразы болду.

Чындыгында, Жеңишбек мырза акыйкатты айткан парламенттеги саналуу депутаттардын бири катары элдин көйгөйүн көтөрүп, реалдуу маселелер боюнча жакшы сунуш, сын айтат. Азыркы чакырылыштын Момбекову десек болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости