www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайдын Сямынь шаарында өтүп жаткан 26-Кытай эл аралык инвестициялар жана соода жарманкесинин (CIFIT-2026) алкагында Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылууда.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялар агенттигинин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов Кытайдын ири компанияларынын жана каржы институттарынын өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.
Анын ичинде Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынын президенти Ван Чуньин менен жолугушууда Кыргызстандагы инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлорду каржылоо мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Ошондой эле Chengtun Mining компаниясынын жетекчилиги менен Кыргызстанда инвестициялык демилгелерди ишке ашыруу маселеси каралды.
Мындан тышкары, China Investment Corporation, Sinosure, Chinalco, Xiamen IPORT Group, Hithium, CATL, C&D, CEEC, CSCEC жана башка ири компаниялардын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр өттү.
Чет өлкөлүк өнөктөштөргө Кыргызстандын энергетика, өнөр жай, тоо-кен, инфраструктура, логистика жана заманбап технологиялар тармагындагы инвестициялык долбоорлору сунушталды.
Мындан тышкары, Финляндия, Иран, Сауд Аравиясы жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен G2G форматында жолугушуулар өтүп, инвестиция тартуу, тажрыйба алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Кыргызстандын CIFIT-2026га катышуусу жаңы инвестициялык өнөктөштөрдү тартууга жана конкреттүү долбоорлорду илгерилетүүгө багытталган.