www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эки жылдан бери Кыргызстан куралдуу күчтөрүн заманбап куралдар менен камсыздап, Түркиядан абадан коргонуучу дрондорду сатып алууда. 

Башкача айтканда, эки жыл катары менен тажиктердин Кыргызстанга кол салган баскынчылык агрессиясынан кийин куралдуу күчтөрдү чыңдоого өзгөчө көңүл бурулуп баштады. 

Былтыр Кыргызстан Түркиядан Байрактар ТБ дронун сатып алса, быйыл абадан коргонуучу дагы “Аксунгур”, “Акынжы”, “Анка” аскердик техникаларын мамлекеттик кызматкерлердин маянасын үнөмдөп сатып алганы айтылды. 

Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков 17-январда Фейсбукка жазды.

Анын айтымында, мамлекеттик кызматкерлерге берилчү сый акылар өткөн жылдын аягында убактылуу токтотулуп, ал каражат коопсуздукту бекемдөө үчүн техника сатып алууга жумшалган.

Кыңыр иш, кырк жылга жетпейт деген ушул. Эрдик кылып кой союп, иттик кылып төш тартты болгон, айлык, сый акы боюнча бүдөмүк сыр ачылды. Дегенибиз, бийликтин мамлекеттик кызматкерлердин маянасы көтөрүлдү "оуу, 30 жылда мындай болгон эмес" деген уу-дуу пиарынан көп өтпөй айтылган нааразычылыктардын түйүнү чечилди. 

Башкача айтканда, мугалимдердин көтөрүлдү деген айлыгы, саат кыскарды деген шылтоо менен баягы эле тас кейпине келген. Ал эми муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлердин дагы айлыгын кайра 30%га чейин кыскартылып, андан тышкары мурда ден соолукка зыяндуулугу үчүн кошулуп жүргөн акчаны, үч ай сайын берилчү квартальныйды, жыл аягында бериле турган 13чү айлыктын баарын кесип, бербей коюшкан болчу. 

Көрсө, бийлик кызматкерлердин эмгек акысынан, чөнтөгүнөн өөнөп, мамлекетибиздин коопсуздугун бекемдөөгө сарптап жатыптыр. Мынча болгон соң, ач курсак тоюнат дегендей, өлкөдө тынчтык, бүтүндүк болсун дейли.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости