www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 25-июнунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев ЕККУнун учурдагы төрагасынын диалогго көмөктөшүү жана ишеним чараларын бекемдөө боюнча атайын өкүлү Серж Румин менен жолугушту.
Жолугушууда кыргыз тарап Борбордук Азиядагы аймактык кызматташтыктын жаңы этабы тууралуу маалымат берип, акыркы жылдары регион өлкөлөрүнүн лидерлеринин саясий эркинин негизинде чек ара маселелерин жөнгө салуу боюнча тарыхый макулдашууларга жетишилгенин белгиледи. Бул келишимдер өз ара ишенимди бекемдөөгө, жакшы коңшулук мамилелерди өнүктүрүүгө жана аймактык интеграцияны кеңейтүүгө өбөлгө түзгөнү айтылды.
Тараптар ошондой эле Кыргызстандын ЕККУдагы Швейцария төрагалыгы менен кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечектеги багыттарын талкуулашты. Кыргыз тарап Швейцариянын Борбордук Азияга өзгөчө көңүл буруп жатканын жогору баалап, ЕККУ алкагындагы кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого кызыкдар экенин билдирди.
Анын ичинде 2026-жылдын 3–4-декабрында Швейцариянын Лугано шаарында өтө турган ЕККУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында биргелешкен иш-чараларды өткөрүү мүмкүнчүлүктөрү да сөз болду.
Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргыз Республикасы менен ЕККУдагы Швейцария төрагалыгынын ортосундагы конструктивдүү диалогду улантууга жана өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин ырасташты.