www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Берлинде Кыргызстандын Россиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын Федералдык билим берүү жана илимий изилдөө министрлигинин Чыгыш өнөктөштүгү ɵлкɵлɵрʏ, Россия жана Борбордук Азия менен кызматташуу боюнча бөлүмүнүн башчысы Габриэла Германи менен жолугушту.
КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө билим берүү жана илим тармагындагы кыргыз-герман кызматташтыгын мындан ары кеңейтүү маселелери талкууланды.
Тараптар ар кандай билим берүү жана илимий долбоорлордун алкагында Германиянын академиялык алмашуу кызматы (DAAD) жана германиялык фонддор аркылуу, ошондой эле эки өлкөнүн университеттери менен мектептеринин ортосунда ийгиликтүү өнүгүп жаткан билим берүү жана илим тармагындагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин канааттануу менен белгилешти.
Тараптар ошондой эле эки ɵлкɵнүн ортосундагы илимий-техникалык кызматташтыкты ɵнүктүрүү боюнча тийиштүү документке кол коюу жɵнүндɵгү маселени да талкуулады.
Булак: NazarNews.kg