www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кыргызстандын улуттук экономикасынын Берлиндеги күнү" кыргыз-герман бизнес форумунун жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду.

Тизме: 

«Мега Мастер Плюс» ЖЧКсы (Кыргыз Республикасы) менен Grenzebach BSH GmbH (Германия) компаниясынын ортосунда Кыргызстанда гипсокартон жана гипстен кургак аралашмаларды чыгаруучу завод куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу үчүн жабдууларды жана технологияларды жеткирүү жөнүндө келишим; 

«Сан Планет Органик» ЖАКсы менен EgeSun GmbH ортосунда 100 тоннадан ашык грек жаңгагын экспорттоо боюнча келишим; 

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы менен «Siemens Helthineers» компаниясынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум; 

«Spitzke» компаниясы менен Бишкек шаарындагы № 97 темир жолчулар кесиптик лицейинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум; 

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен «KARL Berufsbildungs-GmbH» компаниясынын ортосунда Кыргыз Республикасында кесиптик билим берүү борборун түзүү жана өнүктүрүү жаатындагы кызматташуу жөнүндө меморандум; 

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен «Janser Consult GmbH» компаниясынын ортосунда Кыргыз Республикасынын жарандарын Германияда ишке орноштуруу, кесиптик даярдоо жана интеграциялоо жаатындагы кызматташуу жөнүндө меморандум;

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен «Barmer Ersatzkasse» компаниясынын ортосунда Германияда жашаган жана иштеген Кыргыз Республикасынын жарандарын социалдык жактан коргоо, медициналык жана социалдык камсыздандыруу жаатындагы кызматташуу жөнүндө меморандум.

«Инсан-Лейлек» коомдук фонду менен «KUNA – Verein für Nachhaltige Entwicklung und interkulturelle Zusammenarbeit» бирикмесинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум (Туруктуу өнүгүү жана маданияттар аралык кызматташтык ассоциациясы, Германия Федеративдүү Республикасы); 

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен «Europa Park» компаниясынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум; 

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Регенсбург жана Швандорф жумуш менен камсыз кылуу агенттиктеринин ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;

«АК Бура Групп» ЖЧКсы менен «Wiegert&Bähr Turbinen und Stahlwasserbau» ортосундагы мини-гидроэлектростанция куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу боюнча меморандум; 

«АПК Валди» менен «SEG ENERGY LEASING LIMITED» ортосунда Кыргыз Республикасындагы өнөр жайды өнүктүрүүгө багытталган мүмкүн болгон экономикалык долбоорлорду ишке ашырууда кызматташуу жөнүндө меморандум: энергияны үнөмдөөчү курулуш, күн энергетикасы, "жашыл" логистика (анын ичинде май куюучу станцияларды 120 кВт/600 кВт тез кубаттоочу станциялар, 22 кВт үй кубаттоочу станциялар менен жабдуу, электро-жүк ташуучу унаалар үчүн тез кубаттоочу терминалдарды куруу); 

Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен «Schmid Group GmbH» ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум; 

«Кыргыз Винд Систем» менен «Crane&Logistic Partner GmbH» ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум; 

«Кыргыз Винд Систем» менен «Windevo Servicetechnik GmbH» ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум.

Последние новости