www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 6-октябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов Бишкекке ведомстволор аралык делегацияны жетектеп келген Оман Султандыгынын Тышкы иштер министрлигинин Борбордук Азия департаментинин башкы директору Аль-Аббас бин Ибрагим Аль-Харитини кабыл алды.
Жолугушууда Кыргызстан менен Омандын ортосундагы кызматташтыктын негизги маселелери талкууланды.
Тараптар кыргыз-оман кызматташтыгын экономикалык, соода, инвестициялык жана гуманитардык тармактарда мындан ары өнүктүрүү маселелерине көңүл бурушту.
Ошондой эле алдыдагы өз ара сапарлардын графиги талкууланды.
Оман делегациясынын Бишкекке сапары эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө жана бекемдөөгө багытталган.