www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Россиянын экономиканы өнүктүрүү министри Максим Решетников менен Санкт-Петербургда жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Анда тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнү, тактап айтканда, Кыргыз – Россия аймактар аралык онунчу конференциянын даярдыктарын талкуулашты. Алар инвестиция тармагында өз ара кызматташууну өнүктүрүү маселелерине токтолуп, төмөнкүлөр тууралуу сүйлөштү:

Ысык-Көл облусуна "Юнигрин Энержи" мамлекеттик компаниясы менен кубаттуулугу 300 мегаваттка жеткен күн электрдик станциянын курулушу;

Төө-Ашууга альтернативдик тоннель куруу;

"Ташир" мамлекеттик компаниясы менен биргеликте КР электр станцияларын модернизациялоо;

"Русагро" мамлекеттик ишкана менен үрөн өндүрүүчү жана селекциялык-генетикалык биргелешкен долбоорду ишке ашыруу;

"Ысык-Көл Тосор спорт борбору" эл аралык спорт комплексинин долбоорун иштетүү.

Министрлер каржы жаатындагы иштерди активдештирүү, импортту өнүктүрүү, энергетикалык эффективдүүлүктү арттырууну белгилешти. Ошондой эле ВДНХ комплексиндеги Кыргызстандын павильонунун тегерегиндеги маселелерди жөнгө салууну сүйлөштү.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости