www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча Кыргыз-Санкт-Петербург өкмөттөр аралык комиссиясынын XII жыйыны өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыргыз тарапты – КР билим берүү жана илим министринин милдеттерин убактылуу аткаруучу Уланбек Усеков, россиялык тарапты Санкт-Петербург шаарынын тышкы байланыштар боюнча комитетинин төрагасы Евгений Григорьев жетектеди.

Уланбек Усеков белгилегендей, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы кызматташтык билим берүү жана илим тармагынын бардык деңгээлинде ишке ашырылууда.

"Биздин өлкөлөрдүн билим берүү жана илим жаатындагы жемиштүү кызматташтыгы стратегиялык өнөктөштүктүн жана союздаштыктын өнүгүшүнө өбөлгө түзүп жаткандыгын баса белгилеп кетким келет", - деп жыйынтыктады ал.

Ошондой эле ал 2023-2024-окуу жылына карата Кыргыз Республикасынын жарандары Россиянын жогорку окуу жайларында билим алуусу үчүн 1000 бюджеттик орун берилгендигине ыраазычылык билдирди.

Комиссия мүчөлөрү Өкмөттөр аралык комиссиянын XI отурумунун Протоколунун аткарылышын талкуулап, Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча Кыргыз-Санкт-Петербург өкмөттөр аралык комиссиясынын XII жыйынынын протоколунун долбооруна кол коюшту.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости