www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 11-февралда Стамбул шаарында өтүп жаткан Ислам Кызматташтык Уюмунун транспорт министрлеринин 2-жыйынынын алкагында Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Өзбекстандын Транспорт министри Илхом Махкамов менен жолукту. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Тараптар эки өлкөнүн транспорт тармагындагы кызматташтыгы тууралуу актуалдуу маселелерди талкуулашты. Тактап айтканда, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча маалымат алмашышты. Ошондой эле, эки өлкөнүн транзиттик потенциалын толук пайдалануу үчүн учурдагы тоскоолдуктарды алып салуу белгиленди. 

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу Пакистан мамлекетине жүк ташуу маселесин жана өзбек айдоочуларына виза алуу суроолорунун алкагында пикир алмашышты. 

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бардык көйгөйлүү маселелерди оперативдүү чечүүнү макулдашты. Жолугушуу достук маанайда өттү. 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы

Последние новости