www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 11-февралында Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев "Борбордук Азия – Германия" форматынын министрлер деңгээлиндеги жолугушууга катышты.
Иш-чарага ошондой эле Казакстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Түркмөнстандын, Өзбекстан Республикасынын жана Германия Федеративдик Республикасынын тышкы саясат ведомстволорунун башчылары катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактарда "Борбордук Азия – Германия" форматындагы диалогду мындан ары бекемдөө маселелерин талкуулашты. Акыркы отуз жыл ичинде Борбордук Азия мамлекеттери менен Германиянын ортосундагы мамилелердин оң нукта өнүгүп келе жатканы белгиленип, жалпы баалуулуктарга жана өз ара кызыкчылыктарга негизделген борбордук азиялык-германдык өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоо, ошондой эле жогорку деңгээлдеги диалогду улантуу ниети ырасталды. Мындан тышкары, министрлер Борбордук Азия өлкөлөрү менен Европа Бирлигинин ортосундагы мамилелердин жандануусун канааттануу менен белгилешти.
Өз сөзүндө Министр Ж. Кулубаев Борбордук Азия өлкөлөрү коңшулук мамилелер, диалог жана өз ара урматтоо принциптерине таянып, аймакта тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу багытында олуттуу ийгиликтерге жетишкенин баса белгиледи. Бул, өз кезегинде, сооданы кеңейтүү, инвестицияларды тартуу жана ири биргелешкен аймактык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт. Ушуга байланыштуу "Борбордук Азия – Германия" диалогдук форматы маанилүү жана суроо-талапка ээ болгон аянтчага айланып жатканын белгиледи. Ошондой эле ал "жашыл" экономика, санариптештирүү, транспорт, энергетика, билим берүү жана туризм сыяктуу тармактарда практикалык жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүүнүн актуалдуулугуна көңүл бурду.
Мындан тышкары, Министр Ж. Кулубаев Европа Бирлигинин санкциялык саясатына байланыштуу кыргыз тараптын олуттуу тынчсыздануусун билдирип, бир тараптуу чектөөчү чаралар Борбордук Азия өлкөлөрүнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, ошондой эле аймактагы мамлекеттердин европалык өнөктөштөр менен соода, каржы жана инвестициялык кызматташтыгын мындан ары бекемдөөгө терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин белгиледи.
Ал Кыргыз Республикасы өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин так сактай турганын, санкциялык чектөөлөрдү айланып өтүү мүмкүнчүлүгүнө байланышкан тобокелдиктерди биргелешип алдын алуу максатында Европа Бирлигиндеги өнөктөштөрү менен ачык жана конструктивдүү диалог жүргүзүп жатканын айтты.
Ушул өңүттөн алганда, ал Кыргыз Республикасынын Европа Бирлиги жана ага мүчө мамлекеттер менен тең укуктуу, өз ара урматтоого жана ишенимге негизделген өнөктөштүккө даяр экенин билдирип, мындай мамиле бир тараптуу санкциялык басымга караганда өз ара пайдалуу максаттарга жетүүгө көбүрөөк мүмкүнчүлүк түзөрүн билдирди.