www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан боюнча 30 миңден ашык онкологиялык оорулуу каттоодо турат. Бул тууралуу Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Бактыгүл Султангазиева жаңы ачылган Ядролук медицина бөлүмүндө алгачкы бейтаптарды кабыл алуу иш-чарасында билдирди.

Султангазиева анын ичинен 6 миңге жакын бейтапка алгачкы диагноз коюлганын жана бейтаптардын 80%ы радиоизотоптук изилдөө ыкмасына муктаж экенин белгиледи.

"Алгачкы бейтаптарды кабыл ала баштаган Ядролук медицина бөлүмүндөгү жабдуулар рак ооруларын аныктоо үчүн гана эмес, ошондой эле кардиологиялык, неврологиялык, эндокринологиялык жана башка социалдык маанилүү оорулары бар бейтаптарды башкаруу программаларында да колдонулушу мүмкүн", - деди ал.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости