www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-июнда Бельгияга иш сапарынын алкагында Брюссель шаарында тар жана кеңири курамда Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель менен жолугушту.

Тараптар кеңири чөйрөдө өз ара эки жактуу кызматташууну активдештирүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашып, соода-экономикалык кызматташтыктын келечеги, инвестиция тартуу жана энергетика, сейрек кездешүүчү металлдар, айыл чарба жана башка тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алышты.

Шарль Мишель Садыр Жапаровду тосуп алып, өткөн жылы Кыргызстанга болгон сапарын жылуу эстей турганын белгиледи.

Ал демократия, адам укуктарын урматтоо жана мыйзам үстөмдүгү, ошондой эле экономикалык өз ара аракеттенүү принциптерине негизделген эки тараптуу масштабдуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө умтуларын ырастады.

Европа кеңешинин президенти Кыргызстан менен кызматташуунун энергетика, экологиялык таза технологиялар, транспорт жана башка келечектүү багыттарын белгиледи.

Өз кезегинде Садыр Жапаров Шарль Мишелге расмий чакыруу, жылуу кабыл алуусу жана жалпы Кыргызстанга өзгөчө көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Европа Бирлиги кызматташтыгынын жаңы тепкичинин тарыхый босогосунда турат. Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташуу жөнүндө макулдашуу бир гана Европа Бирлиги эмес, баардык 27 мүчө мамлекеттер тарабынан кол коюлуп жаткандыгы, анын маанилүүлүгүн билдирип турат.

Мамлекет башчысы баарлашуунун жүрүшүндө климаттын өзгөрүшүнүн терс кесепеттери дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнө, анын ичинде миң жылдык мөңгүлөргө ээ болгон Кыргызстанга да таасир этип жатканын белгиледи.

Ал жакында Австриянын Вена шаарында Дүйнөлүк Банк менен биргеликте Кыргызстандын эң ири долбоорлорунун бири болуп эсептелген Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна атайын Донорлордун платформасы түзүлгөнүн айтты.

Буга байланыштуу Садыр Жапаров Европа Бирлигинин «Глобалдык дарбаза» аттуу стратегиясын эске алуу менен ушул ири долбоорду курууга кошулууну сунуштады.

Ошондой эле Кыргызстандын президенти азыркы учурда сейрек кездешүүчү металлдар тармагындагы кызматташуу кыргыз тарап үчүн маанилүү багыттардын бири экенин ырастады. Кыргыз Республикасында Европа өлкөлөрүн кызыктырган 17 маанилүү металл бар, алардын 10у кыйла көп санда, алар - европий, гадолиний, ниобий, литий жана башкалар.

Президент мындан улам потенциалдуу инвесторлорду жана каржы институттарын сейрек кездешүүчү металлдар боюнча долбоорлорду ишке ашырууда кызматташууга чакырды.

Мындан тышкары мамлекет башчысы Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон, 2006-жылдан бери чечилбей келе жаткан транспорт тармагындагы маселеге токтолду.

Ал 2006-жылы Кыргызстан менен өлкөнүн авиакомпаниялары учуу коопсуздугу жаатындагы дал келбөөлөрдөн улам «Европа Бирлигинин учуу коопсуздугунун тизмесине», башкача айтканда «тыюу салынган авиакомпаниялардын тизмесине» киргизилгенин белгиледи. Ошондон бери Кыргызстандын учактары Европа Бирлигинин өлкөлөрүнө учуусун токтоткон.

Садыр Жапаров бул маселеге өзү өзгөчө көңүл бурарын баса көрсөттү. Акыркы эки жыл ичинде өлкөдө 4 аэропорт реконструкцияланды, Жалал-Абад шаарында жаңы аэропорт пландаштырылып жатат. Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча атайын Жарлык чыккан. Бардык имараттарын, техникаларын жаңыртууга талап кылынган каражаттын баары бөлүнүп берилип жатат. Мамлекеттик жарандык авиация агенттиги 2023-жылдан баштап Еврокомиссиянын түзүмдөрү менен тыгыз иш алып келе жатат. Талап кылынган документтердин баары берилди.

Последние новости