www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Министрлер кабинети үчүнчү өлкөлөрдөн айрым курулуш материалдарын импорттоого алты айлык убактылуу тыюу киргизди.

Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2026-жылдын 14-сентябрында кол койгон. Документ №614 менен бекитилген.

Тыюу салынган продукциялардын тизмеси токтомдун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн. Бирок учурда тиркеме расмий булактарда жарыялана элек.

Токтом расмий жарыялангандан жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Ал эми импортко коюлган чектөө документ күчүнө киргенден үч күндөн кийин колдонула баштайт.

Чектөө төмөнкү товарларга жайылтылбайт:

  • Кыргызстандын аймагы аркылуу транзит менен ташылган товарларга;
  • ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден импорттолгон курулуш материалдарына;
  • Президенттин Иш башкармалыгынын тастыктоосу болгон учурда стратегиялык жана инвестициялык объектилер үчүн алып келинген товарларга;
  • Кыргызстандын күчүнө кирген эл аралык келишимдеринде жана макулдашууларында каралган инвестициялык долбоорлордун алкагында импорттолгон продукцияларга.

Стратегиялык жана инвестициялык объектилерге арналган товарлар боюнча бажы органына Президенттин Иш башкармалыгынын белгиленген формадагы тастыктоосу тиркелген расмий кат жөнөтүлүшү керек.

Экономика жана коммерция министрлигине чектөө күчүнө киргенге чейин үч күндөн кечиктирбестен Дүйнөлүк соода уюмун жана Евразия экономикалык комиссиясын кабарлоо тапшырылды.

Тышкы иштер министрлиги ушул эле мөөнөттө КМШнын Аткаруу комитетине билдирүүгө тийиш. Бажы жана Чек ара кызматтарына тыюу салынган продукциялардын мыйзамсыз ташылып киришине жол бербөө боюнча чараларды көрүү тапшырылды.

Эске салсак, 2026-жылдын август айында Экономика жана коммерция министрлиги гипсокартон барактарын импорттоого алты айлык убактылуу тыюу салууну сунуштаган.

 

Последние новости