www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда баалардын кескин өзгөрүшү болбойт. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйынында экономика жана коммерция министринин орун басары Эльдар Алишеров билдирди. Анын айтымында, учурда азык-түлүк, күйүүчү-майлоочу майдын баалары өсүп жатат жана мындан ары дагы өсө бермекчи. Бирок министрдин орун басары кескин өзгөрүүнү четке какты.
“Кескин өзгөрүү стихиялуу болбойт, башкача айтканда, баалар 50%га кескин көтөрүлбөйт. Импорттук инфляция болбошу үчүн биз товарларды кыйла чектелген баада жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз”, - деди ал.
Ал, ошондой эле, антпесе жөнгө салуу саясаты колдонулуп, алып-сатарлык менен активдүү күрөш жүргүзүлөрүн белгиледи. “Мындай тажрыйба бизде бар, мындай абалдан 2020-жылы өткөнбүз. Бирок азырынча баалардын спекуляциялык өсүүсүн байкай элекпиз”, - деп кошумчалады Алишеров.
Булак: NazarNews.kg