www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
--Табылды мырза, президент үрп-адаттарды иреттеп алуу тууралу жарлыгы чыккандан бери коомчулукта өлүк чыккан жерде мал союлбасын деген тыюу салуулар күч алды. Коомчулук экиге бөлүнүп калды. Айрымдар муну таптаза туура эмес десе, кээ бири туура деп колдоп жатышат. Тарыхчы, саясат талдоочу катары кандай пикирдесиз?
--Бул татаал деле маселе эмес. Указдын өзү айтып тургандай ал үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүүгө арналган. Бул Указда сөөк узатуу салтын иретке келтирүү маселеси да каралган. Бирок, мамлекеттик структуралар, муфтият бул маселеде «бөрк ал десе баш алгандай» аракеттерге барышып, элди бушайман кылып жатат көрүнөт.
Указ чынында эле керектүү. Мындай Указдар, өкмөттүн токтомдору, муфтияттын фатвалары мурда деле чыгып келген. Бирок, бул жолу Прездиенттин Указын мамлекеттик структуралар, муфтият өтө шашылыш аткарууга киришип кетти. Област жетекчилери ачык эле талап кылып жатышат.
Сөөк чыккан жерге айыл өкмөттү, райиондук ички иштер кызматткерлери ж. б. структуралардан адамдар барып, мал сойбосун деп талап кылып жатканы айтылууда. Беркилер болсо, кой-айга карабай алар кеткенден кийин союп алып жатышат. Ошентип граждандар менен мамлекеттик структурлардын ортосунда карама-каршылык башталды. Өлүк кою салты КТРК, ЭлТР ж. б. каналдардын эң негизги темасына айланып калды. Бул туура эмес.
--Президенттин Указынын, Муфтияттын фатвасында кайсы жери туура эмес? Кандай кылса туура болмок?
-Указды туура эмес деп айтууга болбойт, бирок диний ырым-жырымдарга жана этностук каада-салттарга байланыштуу документтерди чыгарып жатканда терең изилдеп чыгарыш керектиги көрүнүп турат. Менимче, эл ичинде болуп жаткан карама-каршылыктардын баары Муфтияттын фатвасы алдын ала анализденбей чыгып калгандыгында болсо керек.
Мисалы, Кыргызстандын калкынын 30% же 40% гана беш маал намаз окуйт деп айтылып жүрөт. Балким, бул бир аз көбүрөөктүр. Бирок, калкыбыздын калган бөлүгү активдуу мусулмандарга кирбейт. Алар индустриялдуу коомдун өкүлдөрү.
Ошондуктан, биздин эл өзбек, түркмөн, уйгур, жада калса казак элдеринен айырмаланып, артыкча эркин эл катары таанылып жатабыз. Бул кыргыз элинин өзгөчөлүгү. Ошондуктан, бизде той-тамаша көп. Себеби, элибиз кандайдыр бир диний же фундаминталисттик таасирлерге берилбейт жана баш ийбейт.
Мисалы, Муфтияттын фатвасын 40% намаз окуган мусулмандардын аткарары талашсыз, ал эми өздөрүн мусулман катары сезген жана мусулман маданиятын алып жүрүүчү жарандарыбыз аны аткарышы күмөн.
Тескерисинче, алар каршы чыгып, каршы пикирлерди айтып жатышат. Президентке да кайрылып жатышпайбы. Президент өз Указында ысырапкорчулук жөнүндө айтып, каада-салттарды иретке келтирип алалы деп жатат. Муфтият фатва чыгарып, калганын мамлекеттик структуралар жөндөп кетсин деп жатат. Б.а. эки тарап тең өтө этият аракеттерди жасады. Бирок, мамлекеттик структуралар «бөрк ал десе, баш алгандай» аракетерге барып, коомчулукта карама-каршылыктарды жаратып жатат.
Мындай аракеттер губернаторлор да, айыл өкмөттү да, милиция да муфтияттын фатвасын аткарып жаткандай сезилип, элди мусулманчылыкка мажбурлоо жүрүп жаткандай түр калтырып жатат. Мына дал ушул нерсе коомчулукта карама-каршылыктарды жаратып жатат.
--Балким, бийлик кыргыз эли ар кандай диндерге бөлүнүп-жарылбай, мусулман дининде болсун деп жаткандыр. Мамлекеттик катчы С.Касмамбетов арабдарга барып, алардын өлүк кою салтын көргөнүн, 30 эле киши барып коюп коерун айтып, “биз да өлүктү ошолордой болуп коюшубуз керек” деп жатпайбы?
--Кыргызстандын географиялык абалын арабдардыкы менен салыштырууга болбойт. Арабдар кумда турат, алар сөөкту тез жашырып салбаса, ал жыттанып кетип, коюга мүмкүн болбой калат. Кыргызстан тоо-ташта жайгашкан өлкө. Бизге сөөктү жашыруу учун жай казуу оңойго турбайт. Аны казуу үчүн бир-эки күн кетет. Ал үчүн атайы адамдар керек.
Сөөк чыккан үйдөгүлөр өлгөн адамды жоктоп, сай сөөгү сыздап жатса, кантип ага жай казат, ал үчүн атайы адамдар керек да. Ага баары эле макул боло бербейт. Жай казуу сооп болсо да, айылдан андай адамдарды табуу кыйын.
--Илгери кышкысын жай казуу кыйындыкка тургандыктан, кыргыздар сөөктү теректердин башына илип коюп, жаз келгенде жерге бергени айтылат. Жай казган адамдарга да жылуу шорпо, чай берилиши шарт ко...
--Сөөк чыккан үйдүн аласкы куда-сөөгү, жек-жааты болот. Алыста окуган, иштеген уул-келиндери, дос-тамырлары, классташ-курдаштары болот. Өзгөчө бүгүн АКШда, Орусияда ж. б. жактарда. Бирок, алар да сөөк узатууга келип жатышат. Анан калса, сөөк узатууга келген элдин баары эт жегени келбейт. Алардын биринчи милдети сөөк чыккан үйдөгү тууганынын кайгысын тең бөлүшүү үчүн, ошол кайгылуу күнү анын жанында болуп, аны колдоп туруш үчүн жана маркумга топурак салыш үчүн келет.
Ошондуктан алардын баарын эт жегени келди деп айтып, өз элибизди жаманатты кылганыбыз туура эмес. Тээ байыркы мезгилдерден бери эле сөөк чыккан үйгө аябагандай көп адам келген. Ошого Египетте фараондорго арнап пирамидалар тургузулган, скифтерде, сактарда, усундарда чоң кургандар курулган, түрк элдиринде хандын же баатырдын жайына коюлган моло ташка анын эрдиктери эскерилип чегилип жазылган, күмбөздөр салынган. Өлгөн адамга арнап кошок кошулган. Мунун баары ошол элдердин тарыхынын, рухунун байлыгынан, алардын кубаттуу мамлекет жана маданият кура алгандыгынан кабарлап турат.
--Губернаторлор, акимдер, айыл өкмөттөрү милициянын колу менен элди мажбурлап арабдаштырып, арабча жашоону үлгү катары туттуруп жатат дешүүдө. Булардын аракетти канчалык туура?
--Мен жогоруда айтпадымбы, президент деле, муфтият деле исламды эч кимге мажбурлаган жок, бирок мамлекеттик органдардын аракеттери ислам мажбурланып жаткандай түр калтырып жатат. Биз тарыхка кайрылсак, кыргыздар Караханийлер каганаты учурунда ислам динин кабыл алганын көрөбүз.
Бул өлкөдө 960-жылы ислам официалдуу түрдө мамлекеттик дин катары таанылган. Менимче, биз Караханийлер мамлекетинин исламды кабыл алуусун идеологияга айландырып туу тутканыбыз туура болот. Себеби, караханийлер ислам динин кабыл алганы менен, түрк элдеринин арабдашуусуна каршы болушкан. Ошондуктан, бул өлкөдө араб графикасынын негизинде түрк алфавити иштелип чыгып, ал кеңири колдонулган.
М.Кашгари, Ж.Баласагунинин эмгектери түрктөштүрүлгөн араб графикасында жазылган. М.Кашгари «Дивани Лугат ат-Түрк» эмгегинде атпай Түрктүн тукумдары эзелтен байыркы тарыхы, тили жана маданияты бар мыкты элдерден болорун айтып, түрк тилин үйрөнгүлө деп осуят кылган. Биз кыргыздар ушундай бай тарыхыбыз, маданиятыбыз, тилибиз, каада-салтыбыз болуп туруп бүгүн кантип арабдашууга жол берели. Бул туура эмес болуп калат. Биз тарых алдында кечирилгис күнөөгө батып калышыбыз мүмкүн.
Мамлекеттик чиновниктер, губернаторлор, акимдер, айыл өкмөттөрү, муфтият, Президенттин ар бир аракети коомду алдыга жылдырууга багытталышы керек экендигин түшүнүшү керек жана ошого дал келгендей чечимдерди, чараларды көрүштөрү абзел.
--Мамлекеттик чиновниктер каңырыш угуп алып деле, “чала молдо дин бузат” дегендей кылып жаткан жокпу?
--Чынын айтсам, сөөк коюдан асынып өлгөн адам болбойт. Колунда жогу кой соет, орто жашаганы коп болсо бир тай, торпок соет. Турмушу жакшылар бир жылкы соет. Ысык-Көлдүн айрым жерлеринде беш же алты жылкы соерун айтып жүрүшөт. Мисалы, Чүйдө, Нарында, Таласта жок. Өлкөнүн түштүгүндө мындай таптаза эле жок.
Эсиңиздерде болсо, «Манас» эпосунда Көкөтөй өлөрүндө уулуна керез калтырып, “көзүм өткөндө ысырып болуп, толгон малды союп койбо, баарын чактап сой” деп айтып кетет эмеспи? Президенттин Указын аткарууда дал ошол Көкөтөйдүн керезин мисал кылып айтыш керек болчу, ата-бабаларыбыз илгертен ысырапкорчулукка каршы болгон деп. Сөөк чыгарганда өтө эле ысырап болбогула дегендей кайрылуулар айтылыш керек болчу. Бул ишти айыл аксакалдарыннын кеңеши жайгарса болмок.
Ошолор баарын карап, акырын жөнгө салса болмок. Бул жерде Муфтиятты кийлигиштирип, аны губернатор, аким, айыл өкмөт башчылар милиция менен исламдаштыруу, арабдаштырууга байланыштырбай жөнгө салуу керек эле. Айыл аксакалдар кеңеши менен. Бирок, айыл өкмөттү бир жылкы же бир бодо малдан ашык союга тыю салынат деп, мындай учурга штраф чегерип койсо болмок. Штрафтын өлчөмүн аксакалдар кеңеши менен макулдашып чечсе жетиштүү болмок. Бай адам ал штрафты деле төлөп сое бермек. Бирок, түшкон акча айыл өкмөтүнө пайда алып келмек. Ошондо, эл ичинде мынча талаш тартыш болбосо керек эле деп ойлойм.
--Өлүк чыккан үйдө мал союлбасын деген талап бүгүнкү күндүн реалдуулугуна канчалык деңгээлде туура келет?
--Чынын айтсам, бул талап бүгүнкү реалдуулукка туура келбейт. Себеби, бул биринчиден биздин демократиялык коомду курабыз деген аракеттерибизге каршы келет. Адам укуктарынын негизги принциптерине каршы келет. Мында адамдын эрки чектелип жатат. Анан калса, бир динге артыкчылык берилип жаткандай ой калтырып жатат.
Экинчиден, бул биз рынок экономикасын курабыз деп алпурушуп жаткан аракеттерибизе да каршы келип жатат. Анткени, айылдагы дыйкандар, фермерлер жамандык-жакшылык үчүн, базар үчүн атайы мал кармашат. Жылкы баласы көбүнчө жамандык-жакшылык үчүн багылат. Бири сатат, экинчиси сатып алып соодо-сатык мамилелери жүрөт. Дыйкандар үй-бүлөлөрүнө акча каражатын табат.
Бирок, сөөк коюп жаткан адамдарга арзаныраак сатып, ага жардам көрсөтүп, эки адамдын ортосунда да мыкты мамилелер түзүлөт. Сөөктү узатууга келген адамдар бири-бирин колдоп, мерез болбой бирине-бирине жардам берип, алардын чогуу-чаран аракеттенүүгө умтулууларын күчөтөт.
Сөөктү жерге берген соң молдо куран окуп, ал адам кандай экен деп үч жолу сурап, анын жакшы адамдыгын жаштарга даңазалап, жаштарды таалим-тарбияга чакырат.
--Сиз жакынкы айларда сөөк узатууга бардыңызбы? Кандай болуп жатат?
--Ооба бардым. Эл мурдагыдай келбей калыптыр. Ар бир урук өзү коюп жатат. Мурдакыдай айылдаштары чогуу келип койбой калыптыр. Албетте, бул жаман. Себеби, сөөк чыккан үйдүн тууган-уругу өлүктүн жайын өзү казып, аны өзү көмөт экен. Мурда баары чогуу-чаран көмүшсө, азыр чакан топ көмөт. Сөөк көмүлүп бүткүчө эл мүрзөдө көпкө кармалып туруп калат экен. Бул да жаман да. Тууган-уругу аздар үчүн өтө эле жаман.
--Көчмөндөрдө сөөк чыккан жерде мал союлуп келсе, анда каада-салтыбызга жараша ал аракеттердин позитивдүү жагын чагылдырган бир мисалдар барбы?
--Караханий мамлекетинде көчмөндөрдүн уруулары исламды кабыл алган күнү алардын урматына ошол күнү 20 миң же андан көп мал союлган учурлар болгон. Көчмөндөрдо жамандык-жакшылыктарда мал союлуп, жилик тартылган. Ар бир адамга өзүнүн коомдогу ээлеген социалдык ордуна жараша жилик тартылган. Айрым учурларда жилик тартуу менен да кайсы бир жакын адамдын каза болгондугун угузушкан.
Менин чоң энем 96 жашында көз жумду. Апамдын канбасымы бар эле, 68 жашында бул дүйнө менен кош айтышты. Аны койгондо чоң апабызга айтпай эле коелу деп чечишкен.
Бирок, апабыздын сөөгү жерге берилгенден кийин айылга келген чоң апамдын уул-келиндери ага учурашууга чоң атамдын үйүнө барышкан. Улам кирип учурашып чыккандардан чоң апамдын тынчы кетип, баарыңар келип калыпсыңар, деги тынччылыкпы деп сурай берген.
Ошондо атам койдун жамбаш жилигин табакка салып, чоң апама алып барып, апа муну келениңиз берип жиберди деп алдына коюп, тун келининен ажырап калганын угузган. Чоң апам бир саамга жиликти тиктеп туруп, деги тыччылыкпы же Бүкөнүбүздөн ажырап калдыкпы деп жашып, муңга батып турган атамды кучактап, көңүл айтып, көргөндөрдү таң калтырган.
Бул окуянын өзү бир жагынан сөөк чыккан жерге мал союлушунун биз билбеген дагы башка да ар түрдүү позитивдуу жагдайлары бар экенин айгенелеп турат. Экинчи жагынан бул окуя кыргыздардын карт тарыхы, улуу маданияты, тили бар экенинин айныгыс далили.
Ошондуктан, Манастын осуяттарына бек туруп, ата-бабаларыбыздан калган мурасты кийинки муундарга өткөрүп берип, Кыргыз мамлекетинин күч-кубатын арттыралы!
Булак: Жаңы Ордо гезити