www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда

«Чакан ГЭС» ААК Киров суу сактагычында «Бала-Саруу» кичи ГЭСинин курулушун баштады. Бул тууралуу компаниядан билдиришти.

Учурда ГЭСтин имаратын жана басымдуу түтүктөрдү куруу иштери жүрүп жатат.

Буга чейин Бала-Саруу кичи ГЭСинин курулушуна 2 миллиард сомго жакын каражат бөлүнөрү айтылган. Каражат Каржы министрлиги тарабынан берилиши керек болчу.

Долбоорго ылайык, Бала-Саруу ГЭСинде жалпы кубаттуулугу 25 мегаватт болгон үч генератор, орточо жылдык электр энергиясы 92 млн кВт саатка чейин орнотулат. Аталган кичи ГЭСтин иштөө режими сугат режимине жана Киров суу сактагычынан суунун өтүшүнө ылайык жөнгө салынат. «Бала-Саруу» ГЭСин 2023-жылдын аягында ишке киргизүү пландалууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости