www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Салык кызматы быйыл 2023-жылга карата 248 млрд сом чогултууну пландап жатат. Анын 196 млрд сому салыкка, 51 млрд сому Соцфондго чогултулушу керек. Учурдагы план былтыркыдан 40 млрд сомго ашык.

Мындан улам, Салык кызматы планды аткаруу үчүн салыктык түшүүлөрдү көбөйтүү максатында бир катар фискалдык процедуралар жана жаңы салык төлөөчүлөрдү көмүскөдөн чыгаруу пландалып жатканын белгиледи.

Ошол себептен, сууга, светке, жылуулукка, канализацияга, лифтке, таштандыга болгон коммуналдык төлөмдөрдүн баары кымбаттады.

Бул аз келгенсип, милдеттүү түрдө машинаны камсыздандыруу, медициналык камсыздандыруу полисин алуу киргизилди. Жол эрежесин бузган айдоочуларга карата айып пулдар асман чапчыды. 

Кыскасы, элдин жонунан кайыш тилип бюджетти толтуруу аракети жүрөт. Элди жылаңач калтыруу өнүгүүнү шарттабайт. Ушуну бийлик башындагы төбөлдөр түшүнбөй жатканы өкүндүрөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости