www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 28-февралда Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу болду. Жыйыныдын катышуучуларынын бири – Кыргыз эл акыны Тазагүл Закирова кафе-ресторандардагы менюну кыргыз тилине которууну сунуштады.

Анын айтымында, мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн алгач кафе-ресторандардагы менюдан баштоо керек.

«Кафеде меню бар, баары башка тилде жазылган. Жалал-Абадда аны өзгөртө алдык, бирок Ошто, Бишкекте мындай көйгөй дагы эле бар, ал жакта тамгалар дагы башкача жазылган. Мисалы, бизде жупка (лаваш) бар. Бирок аны шаурма деп коюшат. “Жупка оромо” деп жазса болбойбу? Башка тамактарды да которсо болот”,-деп түшүндүрдү Закирова.

Ал ошондой эле "шаарлардагы бардык жарнамалар сабатсыз жазылган" деп кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости