www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 28-февралда Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча өтүп жаткан парламенттик угууда анын катышуучуларынын бири – журналист Куттумидин Базаркулов түштүк диалектиси менен “күрөшүүнү” сунуштады.

Анын айтымында, тил маселесине «дыкат мамиле кылуу» керек.

“Мен өзүм Жалал-Абадда чоңойгом, бир нерсени айткым келет: түндүктөгү “кыргыздар” менен эле эмес, түштүктөгү «меням-сеням» менен да күрөшүшүбүз керек, тилибизди ушинтип оңдошубуз керек. 2010-жылы Кадыржан Батыров тил маселесин көтөргөн, тил маселесине тыкыр мамиле кылуу керек”, - деди журналист.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин айтымында, ал мамлекеттик тилди колдонуунун укуктук негиздерин түзүүгө жана мамлекеттик тил саясатын ишке ашырууга багытталган.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости