www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Стамбулда кечээ, 27-февралда нааразылык акциясы болду. Жарандар жер титирөөдөн жабыркагандарга көрсөтүлүп жатканына жардамга нааразы экенин Түркиянын TELE 1 телеканалы билдирди.

Айрыкча эл Кызыл Жарым Ай уюмунун аракетине нааразы болууда. Уюм үй-жайсыз калган жер титирөөдөн жабыркагандарга чатырларды тартуулоонун ордуна сатып жибергени үчүн сынга кабылды. Кызыл Жарым Ай 2050 чатырды Ахбап кайрымдуулук уюмуна 46 миллион түрк лирасына (2,4 миллион доллар) саткан. Бул чатырлар жер титирөөдөн жабыркаган аймактарга тигилген.

Митинги уюштуруучулардын арасында Түркиянын жумушчу партиясынын өкүлдөрү бар. Митинг болгон жерге милиция кызматкерлери тартылып, жүздөн ашуун адам кармалды.

Кармалгандар тууралуу кабар алгандан кийин оппозициядагы Республикалык элдик партиянын лидери Кемал Кылычдароглу Түркиянын Жумушчу партиясынын төрагасы Эркан Баш менен байланышып, кырдаалды талкуулады.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости