www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

16-январда Бишкектин Октябрь райондук соту казакстандык активисттер Асхат Жексебаев менен Диана Баймагамбетованы сот залынан бошотту.

Маалыматка караганда, сот казакстандык активисттер Кыргызстандан башпаанек сурап кайрылганын эске алып, алардын ишин токтотту.

«Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүү» беренеси башпаанек алуу укугун пайдаланууну көздөгөн чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга карата колдонулбайт.

«Биз башпаанек макамын сурап, арыз бергенбиз. Ошонун негизинде бошотушту. Эми эмне болот көрөбүз», – деди Асхат Жексебаев.

Азырынча соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кире элек. Прокурор 10 күндүн ичинде ал боюнча даттанышы мүмкүн.

Жексебаев менен Баймагамбетованын Кыргызстанга келип, башпаанек макамын сурап кайрылганы 2022-жылы ноябрдын башында белгилүү болгон. Кийин алар 30-октябрда мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү айыбы менен кармалып, эки айга тергөө абагына камалганы кабарланган.

Эки активист тең 2020-жылы Казакстанда камалып, былтыр ноябрда сот өкүмү чыккан 13 активисттин катарында болгон. Активисттерге казак бийлиги «экстремисттик» деп тапкан «Казакстандын демократиялык тандоосу» жана «Көчө партиясы» деп аталган уюмдарга тиешеси бар деген айып коюлган.
Эки жылга кесилген Баймагамбетова сот залынан бошотулса, Жексебаев былтыр май айында абактан чыккан. Бишкекте кармалган маалда экөө тең пробациялык көзөмөлдө жүргөн.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости