www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда криптовалютаны төлөм катары колдонуу мыйзамсыз. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.

Улуттук банк Кыргызстанда криптовалютанын/виртуалдык активдердин жайылышына байланыштуу калкка мүмкүн болуучу тобокелдиктер жөнүндө төмөнкүлөрдү маалымдайт жана эскертет:

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, биздин өлкөнүн аймагындагы жалгыз мыйзамдуу төлөм каражаты болуп, Кыргызстандын улуттук валютасы «сом» саналат. Ал эми «виртуалдык активдерди», атап айтканда, Кыргызстандын аймагында товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жана сатууда аларды төлөм каражаты катары колдонуу биздин мамлекеттин мыйзамдарын бузуу болуп саналат.

Ушул себептен, Улуттук банк калкка «виртуалдык активдерди» колдонуу менен байланышкан тобокелдиктер менен анын кесепеттери тууралуу маалымат берүүнү зарыл деп эсептейт.

1. Камсыздоонун жоктугу менен байланышкан тобокелдиктер, мында материалдык камсыздоо болбойт, ошондуктан, эреже катары, криптовалюта боюнча эч ким жоопкерчилик албайт.

2. Криптовалюталардын реалдуу наркынын жоктугу, алар кандайдыр бир валютага же башка бир активге байланган эмес, бул алмашуу курсунун өзгөрүлмөлүү болушун жана наркын жоготуп коюу тобокелдигинин жогору болушун шарттайт.

3. Криптовалюталар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө алардын өзгөчөлүктөрүнөн келип чыккан тобокелдиктер жана контролдоочу борбордун жана контролдоочу органдын жоктугу.

Жогоруда айтылгандардын негизинде, Улуттук банк криптовалюталарды төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө колдонуудан этият болууну жана андан баш тартууну сунуштайт, ошондой эле криптовалюталар/виртуалдык активдер менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө бардык мүмкүн болгон тобокелдиктерди жана кесепеттерди колдонуучулар өздөрүнө ала турганын белгилейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости