www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат: Гүлзат Мамытбек кайрадан элди алдап жүрөт

Гүлзат Мамытбек дагы канча элди алдайт деп суроо салды бүгүн, 15-июнда депутат Эрулан Кокулов Жогорку Кеңештин жыйынында.

Анын айтымында ал кайрадан жарнамаларда пайда болуп, шылуундугун улантууда.

"Мен ал жөнүндө 2020-жылы журналисттик иликтөө жүргүзгөм. Ал жүрөккө операция боло турган 2 жашар баланын 5 миң долларын көбөйтүп берем деп, алдап качып кеткен. Андан сырткары эки пенсионердин батир алам деп чогултуп жүргөн акчасын алып, Москвага качып кеткен. Ал кыз соттон бошотулуп, кайра концерт коюп, ойноп-бийлеп жүрөт. Кыргызстан эмне аферисттердин өлкөсү болуп калдыбы? Бүт эле аферист болуп калышты. Мына кооператив деп ачышты. Ал деле элди алдап жатат. Мен мисалы, Гүлзат Мамытбек эмне себептен бошотулганын билбейм. Бул тууралуу ИИМ маалымат берип койсо жакшы болмок. Ушул шылуундарга качан чара көрөбүз? Качан токтойт ушул нерсе? Буга чейин эле айткам, алар менен күрөшө турган бир инструмент ойлоп табалы деп. Качанкыга чейин жөнөкөй адамдар алданып жүрө берет?", - дейт депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости