www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн жумада экс-министр Бекболот Талгарбековдун президенттин саясатын, иш-аракеттерин талдаган маеги жарык көргөн. Ошол эле күнү президент Садыр Жапаров «Талгарбеков алжып калыптыр» деген билдирүү таратты. Маселенин чоо-жайын териштирип, биз экс-министрге кайрылдык.

- Бекболот-агай, президенттин билдирүүсүн кандай кабыл алдыңыз? Эмне себептен дароо жооп кайтарган жоксуз?

- Садыр Жапаровду анын кошоматчылары «улуу урматтуу, өлкөдө мыкты иштер жасалууда, сизди калың эл колдоп жатат» деп ишендирип коюшкан да. Анан эле ал турмуш чындыгын окуп, шок болсо керек. Эмоцияга алдырыптыр. Ал эми дароо жооп кайтарбаган себебим – элибизге Садыр-иним экөөбүздүн акыйнек айтышыбыздын пайдасы «бир тыйын». Эл өзүнүн жашоо-турмушун, өлкөнүн тагдырын ойлойт.

- Ошентсе да, коомчулукка президенттин сиздин дарекке айткан сөздөрүнө жооп берип койсоңуз...

- Болуптур. Балким, кимдир бирөөлөргө кызык болсо керек.

- Президент сиз Жалал-Абадда губернатор болуп иштеп тургандагы бир окуяны эске салды. Анда сиз жолдо бара жатып токтоп, тыт кыркып жаткан дыйкандарга «энеңди..., атаңды..., бул бактарды эмне кыркып жатасыңар, токтот эле токтот!» деп кыйкырыпсыз...

- Мен Жалал-Абадда 1997-1998-жылдары губернатор болуп иштедим. Эл күбө, көп жакшы иш жасадык. Эки жылда өзүм бир козунун этин жебедим, бир сом пара албадым. Анан айрым ичи каралар менден күнөө таба алышпай, ушул ушакты чыгарышыптыр. Аны кийинки мезгилде «А.Өмүрбеков» деген бир бекерпоз блогер социалдык тармакта таратып жүрдү. Үч жолу унчукпадым. Төртүнчү жолу жазганда мен да Садыр Жапаровго окшоп, эмоцияга алдырып жооп жазгам. «Эгер сен айткан факт чын болсо, анда мен өмүрү жакшылык көрбөй калайын. Эгер ал жалган болсо, анда сен өмүр бою жакшылык көрбөй кал» деп. Ал бекерпоздун андан бери дымы чыкпай калды. Эми ошол ушакты президенттин аппаратындагы шылуундар Садыр Жапаровго суна калып жатышпайбы.

- Президенттин башка айыптоолоруна да жооп берсеңиз. Ал айтты: «Талгарбеков кабыл алуума жазылыптыр. Кабыл алдым. Бир саат тантырады. Мени кеңешчи кылып ал, мен айткан кишини Нарын облусуна губернатор кылып коюп бер», – деп...

- Садыр-иним менен ал депутат кезинде көп жолу бирге болгонбуз. Жакшы сапаттары көп. Мекенчил, шайыр, шар жүргөн жигит. Бирок идеалдуу адам болбойт да. Баарыбызда эле кемчилик бар. Садыр-иним калпты мурда эле көп айтчу. Анда окуянын кандай болгонун айтып берейин.

Ушул жылдын март айынын башында саясий ишмер Мамбетжунус Абылов мага сунуш айтты: «Оппозициялык кыймыл түзүп жатабыз. Ошого саясий кеңештин мүчөсү болуп кириңиз», – деп. Мен: «Макулмун, бирок шакиртим Камчыбек Ташиев бийликте тургандыктан, ага эскертип коёюн», –  дедим. Анан Камчыбекке айттым: «Мени оппозициялык кыймылга чакырып жатышат, ошого кирем, досуңдун убадалары аткарылбады, элдин токсон пайызы колдобой калды», – деп.

Ал каршы чыгып, эртеси: «Байке, мен президент менен макулдаштым. Сиз ага коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп, бизге жардам бериңиз. Сизди эртең Садыр кабыл алат», – деди. Шакиртимдин сөзүн кыя албадым. Түштөн кийин президенттин жардамчысы Эркин деген жигит чалды: «Сизди эртең саат он экиде Садыр Жапаров күтөт», – деп.

Эртеси бардым. Жолугушуу бир саатча болду. Анын 55 мүнөтүн өзү сүйлөдү. «Кумтөр», чек ара ж.б. иштерди айтты. Унчукпай уктум. Соңунда Камчыбектин сунушун айтты. Мен: «Болуптур, Нарын облусунда айыл чарба кооперативдерин уюштуруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырганга жардам берейин. Ал үчүн мамлекеттик кызматта бир күн иштеп көрбөгөн, коммерсант, азыркы губернаторду башка компетенттүү, тажрыйбалуу адамга алмаштырып бер», – дедим.

Ал: «Кимге?» – деп сурады. Мен: «Өзүмдүн кадрым жок. Түштүк облустарда учурда иштеп жаткан нарындык үч аким бар. Үчөө тең тың жигит экен. Ошолордун бирөөсүн коюп бер», – дедим. Ал: «Макул, ойлонойун», – деген. Болгон чындык ошол. Андан кийин жооп болбоду. Анан эми калп айтып жатканы түшүнүксүз. Президент болгон соң, жаш кезиндеги кемчилигин оңдош керек эле да.

- «Шакиртимдин сөзүн кыя албадым» деп айтып жатасыз. Учурда мамилеңиздер кандай? Себеби: «Камчыбек Ташиев өзү президент болгусу келип, ал үчүн устатын Садыр Жапаровго каршы тукуруп жатат», – деп шек санагандар бар...

- Камчыбек 1997-жылдан бери шакиртим. Кийин министр кезимде жардамчым болду. Адамкерчилиги мыкты. Үзбөй кабар алып, маселе чыкса чечип берип турат. Мисалы, Атамбаевдин бийлиги 2016-жылы мени камаганда, өзү тынбай аракет жасап, акыры абактан сууруп чыккан. Ал эми: «Ташиев устатын Жапаровго каршы тукуруп жатат», – деген шек саноо суу кечпейт. Мен Ташиевдин куурчагы эмесмин. Ал экөөбүздүн ага-инилик мамилебиз түбөлүктүү, бирок саясатта учурда ар башка жээктебиз.

- Соңку суроо. Президенттин сизди: «Алжып калыптыр, айланасына абышка-кемпирлерди топтоп алып, төртүнчү революцияны жасайм, президент болом деп, Москвадан акча издеп келди», – деген күнөө коюшуна кандай жооп бере аласыз?

- Садыр Жапаровдо тажрыйба, мамлекеттик деңгээлдеги ой жүгүртүү болгондо, анда курулай мазактабай, анын ордуна менин пикир, жүйөөлөрүмө өзүнүн пикир-жүйөөлөрүн каршы койсо туура болмок. Ал жакында «улуттук нарк жөнүндө» документ иштеп чыгууга жарлык чыгарды. Анда «улууну урматтоо, кичүүнү ызаттоо» деген кыргыз элинин салты да каралса керек. Садыр-инимде бул салт боюнча түшүнүгү болсо, «алжып калыптыр, абышка-кемпирлер» деп айтпайт эле. Ал эми төртүнчү төңкөрүшкө каршы экенимди мен тынбай айтып келе жатам.

Анткени ал ишке ашып кетсе, анда Садыр Жапаровдой эле дагы бир патерналист, популист адам бийликти басып алат да. «Москвадан акча издеп келди» деген жомогуна алакан жайгандан башка арга жок. Ошентсе да, менин Садыр Жапаровдон үмүтүм үзүлө элек. Ал эмоцияны таштап, кошоматчыларды укпай, терең ойлонсо, анда жалпы кыргыз элине зор жакшылык, майрам тартуулап, өз ыктыяры менен 31-август, эгемендик күнү, президенттик кызматтан кеткенге саясий эрки жетет.

Гүлжан Шерипбаева

Булак: NazarNews.kg

Последние новости