www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мирлан Кочкоров Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасады

Бүгүн, 15-июнда, эс алуудагы офицер, капитан Кочкоров Мирлан Нуралиевич Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы, генерал-лейтенант Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичке кайрылуу жолдоду.

Төмөндө кайрылуунун текстин толугу менен беребиз:

Арыз

1997-жылы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө аскерге чакырылып, 52806-аскер бөлүгүндө Атайын багыттагы «Скорпион» батальонунда кызмат өтөгөн Баткен согушунун ардагери. 1999-2004-жылдары контрактык негизде кызмат өтөп, 2007-жылы 2027 аскер бөлүгүнүн «Бөрү» атайын дайындалган отрядына кызматка кирген.

2012-2013-жылдары Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик комитетинин Атайын багыттагы «Альфа» тобунда, 2013-жылы кайрадан 2021 Чек ара башкармалыгынын «Бөрү» отрядынын командиринин орун басары, кийин командири болуп 18-жыл (20 жылга 2 жыл жетпей калат) кызмат өтөп жатканында 2020-жылдын 7-июнунан 43 жашка толгондугуна байланыштуу кызматтан бошотулат.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнөн, Чек ара кызматынан, Афган, Баткен согушунун ардагерлеринен, губернатор, мэрия жана аймактык башкармалыктардан бир топ төш белги жана грамоталар менен сыйланган Генерал-лейтенант Камчы Ташиевге;

Мурдагы кайрылуусунда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарына кызматка кайтууну өтүнгөн экен.

Кабылдамасында жолукканда сиз менин кызматка кайтуумду колдоп, кезексиз майор чинин берип, Куралдуу Күчтөрдүн катарында кызмат өтөөмдү улантууну өз кызматкерлериңизге табыштадыңыз.

Бирок, менин курагым 43 жашка чыгып калгандыгыма байланыштуу бул чечим мыйзамга туура келбестигин кадрлар бөлүмүнөн түшүндүрүштү. Куралдуу Күчтөрдүн катарында кызмат өтөөгө өтө күчтүү каалоом, күч-кубатым, бай тажрыйбам бар эле. Мыйзамга баш ийемин. Арга жок.

Бирок, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, болгондо да октон жалтанбаган, эл үчүн, элинин тынчтыгы үчүн жанын сайган «Скорпион», «Альфа», «Бөрү» атайын отряддарында кызмат өтөп жүрүп, аягында төрт балам (бир кыз, үч уул) менен үй-жайсыз ай талаада калганым жубайымдын, балдарымдын алдында аталык, эр жигиттин ар намысымды түшүрүп, аянычтуу абалга алып келип койду. Бүгүнкү күндө жаштык жалынымды, кажыбас кайратымды кимге жана эмнеге бердим деген ойдун ортосунда турамын.

Урматтуу генерал-лейтенант, Сизге рахмат! Мени Куралдуу Күчтөрдүн катарына кайтарууга мүмкүнчүлүк болбосо, үй-бүлөмдүн жана балдарымдын урматы үчүн аскер кызматкери катары мыйзамдуу түрдө үйлүү болууга жардам берүүңүздү өтүнөм.

Арыз ээси: запастагы офицер — капитан Кочкоров Мирлан Нуралиевич 2021-жыл.

Эх мыйзамга баш ийген, мыйзамды сыйлан карапайым шорду тандырын өз колунда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости