www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Учурда негедир аба ырайы өзгөрүп, климат алмашууда. Бирде күн ысып, бирде жаанчыл болуп, климаттын өзгөрүшү кооптонуу жаратпай койгон жок...

-- Өлкөбүздөгү аба ырыйынын акыбалы жалпы дүйнө жүзүндөгү болуп жаткан климаттын өзгөрүүсүнүн таасиринен болууда. Глобалдык жылуулануу, б.а. температуранын жогорулашы суулардын буулануусун күчөтүүдө.

Бул буулар атмосферадагы муздак аба менен жолукканда физикалык процесс жүрүп, конденцация болуп, тамчыларга айланат, б.а. жамгырга жана карга айланат да жерге түшөт. Бир жерге көбүрөөк, экинчи жерге азыраак болуп, булуттардын көлөмүнө жана шамалдын багытына жараша болот.

Ошондой эле мында циклон, антициклондордун ролу да бар. Мына ушул себептерден, өзгөчө түштүктө сел, кыян болуп, бийик тоолуу аймактарда калың кар жаап жатат. Суулар – булар көлдөр, дарыялар, деңиздер, океандар, мөңгүлөр.

Булак: Азия News гезити

Последние новости