www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда биологиялык лаборатория түзүү боюнча жарактуу документ бар, ага өлкөнүн экс-жетекчиси Роза Отунбаева кол койгон. Аны ишке ашырууга акча да бөлүнгөн. Бул тууралуу «ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү биологиялык лабораторияларды жабуу боюнча Бишкек демилгеси» аттуу тегерек столдо эксперт Сергей Криворучко билдиргенин Вечерний Бишкек басылмасы жазды.

Ал белгилегендей, интернетте биздин өлкөдө Ахунбаев көчөсүндө №3 кирүү деңгээлиндеги биолабораторияны түзүү боюнча өкмөттүн

№203 токтому бар. Өз сөзүндө Сергей Криворучко учурда баары жакшы, бирок бул маселени тактап коюу зарыл деп баса белгиледи.

Белгилей кетсек, иш-чара «Ой Ордо» эксперттик демилгелер борбору, «Евразиялык муун» КФ тарабынан «Альфа» атайын кызматтын ардагерлеринин эл аралык ассоциациясы менен биргеликте уюштурулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости