www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чет өлкөдө абакта жаткан кыргыз жарандарын тиешелүү мекемелерге тапшырма берип өлкөгө кайтарып келүү керек. Бул тууралуу депутат Руслан Жакышов бүгүн, 15-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында чет өлкөнүн абактарына кесилип кеткен Кыргызстандын бейкүнөө адамдары ондоп саналат.
"Мага Зулайка аттуу апа кайрылып жардам сурады. Анын кызы Айзада Зайнидинова башка жарандар сыяктуу эле жолдошу экөө Түркияга мигрант болуп кетишкен. Ал жерден алдамчы, шылуундардын айынан Сирия-Ирак чек арасына түшүп калышкан. Ошондон бери Айзаданын жолдошунан кабар жок. Ал эми өзү болсо Ирактын абагына кесилип кетиптир. Ирактын абагында 40тан ашуун кыргыздын кыз-келиндери, улгайган апаларга чейин бар экен. Бир гана Ирак эмес, башка өлкөлөрдүн абактарында дагы биздин бейкүнөө жарандар отурушу мүмкүн", - дейт депутат.
Бул маселеге Тышкы иштер министрлиги жана мигранттар менен иш алып барган тийиштүү мекемелерди көңүл бурууга чакырган депутат, кайдигер карабай, жарандарды кайтаруу аракетин көрүү керектигин кошумчалады.
Жыйынтыгында аталган маселе боюнча протоколдук тапшырма берилди.
Булак: NazarNews.kg