www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда Улуттук статистика комитетинин расмий жыйынтыгы көрсөткөндөй, өлкөдө дээрлик баардык нерсе кымбаттады. Мында абал элдин күнүмдүк жашоосуна жеңил болбогондой.

Расмий маалыматка ылайык, бир жыл ичинде баалар төмөнкүдөй өстү:

•    азык-түлүк жана суусундуктар –  9,9%
•    алкоголдук ичимдиктер жана тамеки – 8%
•    азык-түлүккө кирбеген товарлар – 7,8%
•    кызмат көрсөтүүлөр – 11,2%

Айрыкча эл күн сайын сатып алган азыктар кескин кымбаттаган. Баалардын өсүшү төмөнкүдөй көрсөткүчкө жеткен:

•    жемиштер – 42,6%
•    балык – 25,1%
•    өсүмдүк майы – 18,4%
•    картошка – 17,4%
•    эт – 14,6%

Башкача айтканда, калктын негизги азык-түлүк корзинасына кирген товарлардын дээрлик баары кымбаттаган. Расмий статистикага ылайык, жумуртка (3,6%) жана күрүч (3,2%) гана бир аз арзандаган.

 

Последние новости