www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев көчмө жыйын өткөрүп, борбор калаадагы бир катар негизги инфраструктуралык объектилерде аткарылып жаткан иштердин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Иш сапардын жүрүшүндө мэр Жибек жолу проспектисинде курулуп жаткан көпүрөгө барды. Объектте сапатсыз тосмолор аныкталгандыгына байланыштуу шаар башчысы подряддык уюм менен түзүлгөн келишимди кыска мөөнөттө бузуу тапшырмасын берди. Ошондой эле дарыянын нугунун боюндагы объектилердин мыйзамдуулугун текшерүү тапшырылды.
Белгиленгендей, жаңы көпүрө алты тилкелүү болот. Долбоордун алкагында таксилер үчүн токтоочу жайларды уюштуруу пландалган участоктор да каралган.
Андан соң Айбек Джунушалиев Ауэзов көчөсү боюнча көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Кароонун жыйынтыгында аталган аймакта жайгашкан объектилердин бардык уруксат берүүчү документтерин көтөрүп чыгып, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүү тапшырмасы берилди.
Мэр ошондой эле ЖЭБдин техникалык каналынын боюндагы участокко барып, мыйзамсыз курулган объектилерди демонтаждоо иштерин көрдү. Аныкталган мыйзам бузууларга байланыштуу «Жасмин» кафеси менен түзүлгөн келишимди бузуу жана ишкерге альтернатива катары башка жер тилкесин берүү мүмкүнчүлүгүн кароо тапшырылды. Келечекте каналдын жээгинде аймакты комплекстүү түрдө көрктөндүрүү пландалууда.
Мындан тышкары, Сагымбай Манасчы көчөсү боюнча көп кабаттуу унаа токтотуучу жай куруу каралган.
Шабдан Баатыр көчөсүнөн Сагымбай Манасчы көчөсүнө чейинки участокто туурасы 28 метр болгон жаңы көпүрө курулат.
Көчмө кароонун жыйынтыгында мэр Шабдан Баатыр көчөсүндө променаддык аймакты уюштуруу иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул жерде жөө жүргүнчүлөр үчүн зона түзүү, отургучтарды орнотуу жана веложол куруу пландалууда. Айбек Джунушалиев мындай ыкманы мындан ары шаардагы башка объектилерде да колдонуу тапшырмасын берди.







































