www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Улуттук лабораториялык кызматты түзүү жана медициналык калдыктарды башкаруу тутумун өркүндөтүү маселелери боюнча кеңешме өткөрдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, кеңешмеде калкка көрсөтүлгөн медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу үчүн лабораториялык диагностиканын бирдиктүү жана туруктуу тутумун түзүү маселеси талкууланды. Жаңы модель мамлекеттик жана жеке секторлор үчүн бирдей талаптарды киргизүүнү карайт.

Лабораториялык кызматты башкаруунун натыйжалуу системасын түзүү, сапаттын эл аралык стандарттарын киргизүү, мониторинг жана көзөмөл үчүн заманбап санариптик чечимдерди колдонуу, лабораториялык мүмкүнчүлүктөрдү сарамжалдуу пайдалануу жана изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйында медициналык калдыктарды башкарууну өркүндөтүү, көзөмөлдү күчөтүү жана заманбап утилдештирүү технологияларын киргизүү маселелери каралды. Эксперттер лабораториялардын түзүмүн стандартташтыруу боюнча сунуштарын беришти.

Министр лабораториялык кызматты өнүктүрүү жана калдыктарды башкаруу ооруларды алдын алууга, өз убагында аныктоого жана калктын саламаттыгын коргоого түздөн-түз таасир этүүчү мамлекеттик саясаттын маанилүү багыты экенин белгиледи.

Кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөргө бул багыттарды мындан ары өркүндөтүү жана белгиленген милдеттерди этап-этабы менен ишке ашыруу боюнча тапшырмалар берилди.

Последние новости