www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коңгуроо кагылды. Эсиңди жый. Эртең кеч болуп калат. Бүгүн маани бер. Мына ушундай маанидеги коңгуроо, жаңы жылдык майрамда 
акыл-эстүү адамдарды селт эттирди. 

Тымызын тымып турган, бирок ичкери түбүндө шакардай кайнап, вулкандай атыла турган абал жакындап келе жатканы байкалды. Диний кырдаал Кыргызстанда кызыл чекке жетип калганы билинди. Бекеринен дин бул опийим деп айтылган эмес. Ашыкча динге берилген фанаттар коомго өзүнүн примитивдүү диний түшүнүгүн таңуулай башташты. Бул өтө кооптуу. 

Мына Майлуу-Сууда 34 жаштагы келин жаңы жылдык балатыны өрттөп салды. Мындай түркөйлүгүн адамдар жалганга ишенип, балатынын жанында сүрөткө түшүп, Кудайга ширк келтирип жаткандыгы менен түшүндүрүптүр. Бул жалгыз окуя эмес. Кара-Көл шаарында дагы балаты өртөлгөн. Мындай жорук буга дейре Базар-Коргон районунда, Кара-Балта шаарында дагы орун алган. 

Демек, республика боюнча диний радикалдашуу жүрүп жатат. Азыртадан бул тенденцияга жакшылап көңүл бурулбаса, кийин кеч болуп калат. Маани бербей, же билмексенге салып көңүл кош мамиле кылсак, кесепети оор болот. Маселени чечүүдөн качып, жоопкерчиликтен оолак болууну көздөп, көрмөксөн, билмексен болгон кайдыгерликтин түбү жакшы болбойт. Азыртадан көп нерсени көздөн качырып жатабыз, кийин кантип диний топтор саясатка келгенин байкабай калабыз. Ал кезде бийликти шариат менен башкарабыз деген өкүм-зордукка туруштук берүү кыйынга турат. Афганистандын жолу менен кыз-келиндер окубай, чүмкөнүп караңгылык каптайт. 

Ырасында, учурда радикалдашкан Хизбут-Тахрир, Салафиттер сыяктуу диний уюмдар Кыргызстанда кулачын жайып, саясатка аралашып саясий бийликти алууну максат кыла башташты. Бул өтө коркунучтуу. Диний экстремизм, терроризм менен күрөшө турган укук коргоо органдарында, жогорку мамлекеттик кызматтарда динге берилгендер көбөйдү. 

Кыргыздын нукура салт-санаасы, нарк-насили тебелендиде калып, арабдашуу күч алды. Кыргыздын ата-батасынан келе жаткан улуттун рухий дөөлөттөрүн, өзөк-тамырын сактаган баалуулуктарын чанган, атайлап акаарат келтирип, жокко чыгарган диний диверсия үзгүлтүксүз жүрүп жатат. 

Жада калса кыргыздын кылымдардан келе жаткан сөөк кою ырым-жырымдарына чейин кийлигишип, ыйлаба, кошок айтпа, мал сойбо, сөөктү түнөтпөй кой деп сөөктү ээсине ээлик кылдырбай молдолор бийлеп алышты. Кыргыз өзүнүн улуттук иденттүүлүгүн жоготууда. 

Дин аалымдары мамлекеттик саясатка, коомго, салт-санаага таасир этип, бир бүтүн улуттун көз карашы, карманган баалуулуктары жиктелип, карама-каршылык өөрчүп жатат. Барган сайын Конституциянын статьялары шалга айланып, диний канондор, догмалар үстөмдүк кылып, светтик дин тутуу эркиндигине болгон өзөккө доо кетүүдө. Мамлекет тарабынан көзөмөл жок. 

Мамлекет жаш балдардын сакалына, аялдардын оронгонуна, карыш сайын салынып жаткан мечиттерге каршы болбой, эркиндик берген сайын, ынсапсызга кашык берсең, беш ууртайт деген алкын агыткан диний экспансия, радикалдашуу күчөп, коомго кооптуу кырдаал жаратып, элдин жаңы жыл тосконуна каршы чыгышып, балаты өрттөп жатышат? Кудайдын атын жамынып, билгизбестен мамлекеттик саясатка аралашып, Конституциялык түзүлүшкө кооптуулук жараткан, улуттук нарк-насил, үрүп-адатка доо кетирген, өзөк-тамырга балта чапкандан кайра тартпай турган деңгээлге жетип калышты. 

Демек, мамлекет диний абалды тыкыр көзөмөлгө алып, улуттук баалуулуктарга, руханий дөөлөттөргө шек келтирген диний радикалдашкан экстремизм жыттаннан ашынган дин фанаттарын ооздуктап, ордуна коюш керек. Мамлекеттин, улуттун келечегин ойлосок, светтик багыттан тайбай, диний фанатизмге жол бербөө милдет.

Кыргызстандагы 73дөн ашуун диндин агымы кыргыз элин кайда, кандай багытка алып барат, азырынча белгисиз. Дүйнө эли өнүгүп, мусулмандардын чордону Сауд Арабия өсүүнүн туу чокусуна жетсе, биздикилер тапочка кийип, дамбалга өтүшү өтө кейиштүү. 

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости