www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөсү Абдымалик Карачов КМШ өлкөлөрүнүн II оюндарында коло медаль жеңди.

Спортчу 61 килограммга чейинки салмак категориясында катышты.

Кыргыз балбаны мелдештин 4/1 финалында өзбекстандык спортчуну 7:4 эсебинде жеңди. Ал эми жарым финалда Абдымалик Карачов россиялык балбан Александр Сабанов менен кез келип, жеңилүү ызасын тартты.

Коло үчүн мелдеште кыргыз балбаны түркмөн спортчусу Желалетдин Сеидов менен күч сынашып, бир дагы мүмкүнчүлүк бербестен 10:0 эсебинде коло медалды илип кетти.

Буга чейин аталган мелдеште кыргызстандык эркин күрөшчү Мухамадрасул Салиев биринчи коло медалга татыган.

Мелдештер бүгүн, 9-августа Беларустун Солигорск шаарында өттү.

Эскерте кетсек, ушул тапта Беларустун 10 шаарында КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары өтүп жатат. Оюндарга спорттун 22 түрү боюнча 22 мамлекеттен 2 миңден ашуун спортчу катышууда.

Аталган мелдештерде ошондой эле 200дөн ашуун кыргыз спортчусу спорттун 17 түрү боюнча күчүн сынап жатат. 4-августта башталган оюндар 14-августта жыйынтыкталмакчы.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости