www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Академик Алтай Бөрүбаевдин «Мейкиндиктеги абсолют операциясы менен толуктоо операциясынын ордун алмаштыруу касиети» аттуу математикалык изилдөөсү илимий ачылыш катары таанылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги социалдык баракчасына жарыялады.
Маалыматка ылайык, Бөрүбаев кесиптештери менен талкуудан кийин бул илимий ишин Илимий ачылыштардын жана ойлоп табуулардын авторлорунун эл аралык академиясына жөнөткөн.
"Кесиптештерим менен акылдашып, өзүмдүн илимий эмгегимди Эл аралык илимий ачылыштардын жана ойлоп табуулардын академиясына жөнөткөм. Алар топология илими өнүккөн Италия, Чехия жана Кытай Эл Республикасында бир жыл экспертизадан өткөрүп, жыйынтыгында жаңы ачылыш деп каттады. Бул жөнүндө кабарды өзүм 23-сентябрда уктум", - деди академик Бөрүбаев.
Буга чейин Алтай Бөрүбаевдин эки ачылышы эл аралык деңгээлде бааланган. Биринчи "Топологиялык мейкиндиктердин өзгөчө касиеттери жөнүндө" ачылышы Москва мамлекеттик университетинин сунушу менен Москва обсерваториясы жылдыздардын бирине "Алтай" ысымын берген.
"2013-жылы экинчи ачылышымды жасадым. Ал компакттык типтүү кеңейтүүлөрдүн алгоритминин конструкциясын түзүү жөнүндө маселе. Бул маселе боюнча жаңы ыкма таап, ошол ыкманын негизинде компакт тибиндеги бардык кеңейтүүлөрдүн конструкциясын бергем. Муну Оксфорд университетинин окумуштуулары, математиктери баалап, “Илимдеги ысым” алтын медалын жана тиешелүү сертификатты тапшырган", - деп билдирди Алтай Бөрүбаев.
Академик Алтай Бөрүбаев — Оксфорд университетиндеги дүйнөлүк окумуштуулардын реестрине кирген Орто Азиядагы биринчи адам.
Булак: NazarNews.kg