www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандан барган эмгек мигранттары 2022-жылы Орусияда 3 миңден ашык кылмыш жасаган. Бул тууралуу Кыргыз Республикасындагы Ынтымак борборунун изилдөөсүндө айтылды.

«Өткөн жылы жалпысынан эмгек мигранттары тарабынан 37 миң кылмыш жасалган, бул 2021-жылдын январь жана ноябрь айларына салыштырмалуу 9,8 пайызга көп, анын ичинде КМШга мүчө-мамлекеттердин жарандары тарабынан 30,4 миң кылмыш жасалган, бул өткөн жылга салыштырмалуу 15,2 пайызга көп. Ички иштер министрлигинин статистикасына ылайык, 2021-жылы Москвада жасалган кылмыштардын 17,1 пайызын Борбор Азиядан келгендер жасаганы маалым болду.

Белгилей кетсек, 3900дөн ашуун кылмыш Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан жасалган. Административдик жоопкерчиликке тартылгандардын саны боюнча кыргызстандыктар да алдыда», — деп баса белгиленет изилдөөдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости