www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык жөө күлүктөр Өзбекстандагы жарышта 4 медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 3-сентябрда Ташкентте Өзбекстандын 1-сентябрь — Эгемендик күнүнө карата «Yangi Nafas – Жаңы Дем» аталышындагы жарыш өткөн. Спортчулар 3 жана 10 чакырым аралыкка жарышкан.

Кыргызстандын атынан жарышка 84 жөө күлүк катышкан.

10 чакырым аралыкка жарышта Эламан Абылабеков алтын, Азат Касымбеков коло байге тагынган. 35+ жаш курактагылар арасында Аманкул Токтогулов күмүш медалдын ээси болгон.

Ошондой эле, 3 чакырым аралыкка жарышта Элдияр Каыдров алтынга татыган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости