www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

4-сентябрда Түштүк Кореяда 120 миңге жакын мектеп мугалимдери ата-энелердин жана окуучулардын куугунтугунан жапа чеккен бир катар мугалимдердин өз жанын кыюу фактыларына байланыштуу өлкө боюнча масштабдуу митингдерди өткөрүштү. Бул тууралуу Reuters басылмасы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул масштабдуу нааразылык акцияларынын алдында окуучулардын ата-энелеринин психологиялык кысымына туруштук бере албаган мугалимдердин өз жанын кыйган бир нече учурлары болгон.

Акыркы алты жылда Түштүк Кореяда 100дөн ашуун мамлекеттик мектептердин мугалимдери өз жанын кыйган. Алардын жарымынан көбү төмөнкү класстардын мугалим болуп иштешкен. Акыркы учур июль айында башталгыч класстын жаш мугалиминин жана августтун аягында дагы эки мугалимдин өз жанын кыйганы катталган. Алардын баары кесиптештери жана жакындары менен баарлашып, ата-энелердин кысымына туруштук бере албастыгын, алар мугалимди бардык нерсеге, тагыраагы, балдарга карата зордук-зомбулук көрсөтүүг күүнөөлөп, реалдуу эмес талаптарды коюшуп, коркутуп, каалаган убактысында дооматтар менен чалгандарына туруштук бере албай турганын айтышкан. Митингге катышкан мугалимдер бүгүн жумушка келбей калгандыктан, өлкө боюнча көптөгөн мектептерде сабактар ​​токтотулду.

Түштүк Кореянын Билим берүү министрлиги мугалимдердин жамааттык сабакка келбей коюусу мыйзамга каршы келерин эскертип, мугалимдер менен директорлор иштен алынышы, ал тургай жоопко тартылышы мүмкүн экенин эскертти, бирок ошол эле учурда билим берүү кызматкерлеринин абалын жакшыртуу боюнча чараларды көрүүнү убада кылды. Тактап айтканда, аткаминерлер мугалимдерди ата-энелердин адилетсиз айыптоосунан жана жеке телефондорго чалуулардан коргоону убада кылышты.

"Балдарга карата зомбулук фактылары боюнча далилсиз дооматтардын саны өсүп, окуучулардын укуктарына басым жасалып, мугалимдердин укуктары сакталбай жатат. Биз мугалимдерди эч кандай себепсиз эле балдарга зордук-зомбулук көрсөткөн деп айыптабай, балдарга билим берүүсү үчүн колдоо көрсөтөбүз", — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости