www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы ФИФАнын рейтингинде бир сапка көтөрүлүп, 94-орунга жайгашты. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Рейтингде жалпы 211 курама бар. Алдыңкы үчтүккө Бразилия, Аргентина жана Франциянын командалары кирди. Ал эми Азия футбол конфедерациясына кирген улуттук ассоциациялардын рейтингинде “Ак шумкарлар” 16-сапта (46 орундун ичинен) турат.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы ФИФАнын рейтингинде 95-орунда болгон.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости