www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Манастын уулу Семетей” көркөм тасмабызды Анкара, Москва, Миланда көрсөтүүдөн кийин эл аралык ири кинокомпаниялар “Манасты” биргелешип тартуу ниетин билдиргенинен улам чалкыган улуу “Манас” эпосунун негизинде Кыргызстан жазуучулар союзунун 1985-жылдагы чечими менен жазылган Ашым Жакыпбеков жана Кеңеш Жусуповдун романдарын, Жалил Садыковдун драмасын, Бексултан Жакиев түзгөн китепти, Мар Байжиев орусча чыгарган варианттарды киносценарий үчүн изилдеп окуп чыктык.

Ашым Жакыпбеков эпосту кара сөзгө таасирдүү айлантып, киносценарийге жакындатыптыр. Өтө ашкере миф, жомоктор жонулуп, реалдуулукка ыктаган. “Теңири Манас” – дүйнөлүк шедевр. Анын киносу ааламга тарашы керек. Чалкыган эпосту толук батыруу кыйын, ошондуктан урунттуу окуялар тизмектелет. Ашыке китептин баш сөзүндө “Теңири Манас” көркөм тасмага, мультфильмге айланары мезгилдин иши экенин белгилеген. Мультфильм дегени анимация.

Азыр аниматорлор куду адамга окшош сөлөкөттөрдү жасап калышты. Биз анимацияга ыктаганыбыз – кыргыз эли үчүн ыйык Манас бабабызды конкреттүү актёрдун өңүнө байлоодон качканыбыз. Кайран Ашыке катырыптыр. Улуу эпосту асыл көркөм сөзгө айланткан экен.

Эрнис Кыязов романды 23 сааттык аудиокитеп кылып окуп, мыкты иш кылыптыр. Тирмийип китеп окуп, көздүн майын жегизип отурбай, соткадан аудиону басып, туруп, жатып уга бересиз. Китебин колго алып, аудиосун угуп, чыгармага сүңгүп, анын жаратуучусу эсил кайран Ашыкемди эстедим. 1990-жылы “Советтик Кыргызстан” гезитинин кабарчысы катары ошондогу “Кыргызстан маданияты” гезитинин башкы редакторунун орун басары Ашым Жакыпбеков менен маек уюштуруп таанышканбыз. Көп өтпөй ал киши “Маданиятка” башкы редактор болуп, мен “Ак бата” адабий журналын (кийин “Ак бата” гезитин) чыгарып, жакын кызматташып калдык.

1993-жылы мен Москвадагы адабият институтунун жогорку курсуна угуучу, СССР жазуучулар союзунун ордуна түзүлгөн Жазуучулар союздарынын эл аралык биргелешкен коомунун Кыргызстан боюнча адабий кеңешчиси болуп иштеп, Кыргызстанга келгенде Ашыке менен жазуучулардын эл аралык ПЕН-клубун түзмөк болуп, Брюсселдеги Айтматов менен сүйлөштүк. Айтматов биздин демилгени колдоого алды. Экөөбүз кубанып, бир топ күн бирге иш жүргүздүк. Ара-чолодо Ашыке “Теңири Манас” романынын китеп болуп чыгуусу кечеңдеп атканына тынчсызданчу. Экономикалык каатчылык каптаган кыйын кезең эле. Экөөбүз ээрчишип шаар кыдырабыз, сөзүбүз бүтпөйт. Аксакалды Совет-Москва көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйүнө узатып барам. Үйүнө кирип, дагы узакка маектешебиз. Күкүн жеңе чай коёт.

Тээ жаш чагында Чыңгыз Айтматовду үйүнө конокко чакырганын айтканы эсимден кетпейт. “Керез жеңе экөө шаардын четиндеги биздин жеркепе квартирага келишти. Чай ичишти, тамак жешти. Айылдаш тууганча эзилише сүйлөштүк. Анан узатып чыктык. Керез жеңе люлкага, Чыкем айдоочунун артына отуруп мотоцикл менен “зуу” жөнөй беришти... Анда Айтматов жаңы чыгып, таанылып келаткан болчу. Ошол мотоцикл менен кеткен боюнча Чыкем Москвага, андан ары Европага, айтор, аалам аралап кетти...” деди эле Ашыкем.

Кийинки жылы “Теңири Манас” китеп болуп чыкты. Айтматов баш сөз жазды. Ашыке болсо о дүйнө узап кете берди... Бирок, кыргыз журтуна улуу эмгек калтырып кетти. Өзү армандаган асыл чыгарманын тасмага айланышы – биздин, кийинки муундун, инилеринин ыйык милдети.

Булак: Азия News гезити

Последние новости