www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 2026-жылдын 17-февралында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Айбек Маткеримов Герман өнүктүрүү банкынын (KfW) банкынын өкүлү Индира Молдогазиева жана GITEC-IGIP консалтинг компаниясынын долбоорунун менеджери Керез Келишова менен SAMEDIS медициналык жабдууларын санариптик инвентаризациялоо системасын киргизүү маселеси боюнча жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда Германия Федеративдик Республикасынын каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Саламаттык сактоо V» сектордук программасынын аткарылышынын учурдагы абалы, ошондой эле системанын техникалык коштоосу, маалыматтарды жаңыртуу жана саламаттык сактоо уюмдарында туруктуу иштешин камсыз кылуу маселелери талкууланды.
Иш-чаранын алкагында медициналык уюмдардын иш процесстерин колдоо жана жабдууларды санариптик эсепке алууну жүргүзүү үчүн 150 принтер жана 1000 картриджди тапшыруу аземи болду.
Бүгүнкү күндө каралган бардык медициналык мекемелерде кызматкерлер үчүн окутуу тренингдери өткөрүлүп, система ишке киргизилди. Аймактарда медициналык жабдууларды инвентаризациялоо уланууда. Бишкек шаарынын жана Чүй областынын саламаттык сактоо уюмдары негизги этапты аяктап, маалыматтарды үзгүлтүксүз жаңыртуу баскычына өтүштү.
Мындан тышкары, маалымат базасы менен иш алып баруучу жана киргизилген маалыматтын сапатын көзөмөлдөй турган профилдик бөлүмдөрдүн кызматкерлери кошумча окутуудан өтүштү. Келечекте медициналык жабдууларды эсепке алуу функциясын Кыргызфармация мамлекеттик ишканасы жүзөгө ашырат.
«Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Герман өнүктүрүү банкы (KfW) жана GITEC-IGIP компаниясына көрсөтүлүп жаткан колдоо үчүн ыраазычылык билдирет. Бул кызматташтык улуттук саламаттык сактоо системасынын туруктуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт», — деп белгиледи биринчи орун басар Айбек Маткеримов.
Кийинки этапта санариптик чечимдерди техникалык коштоо жана андан ары өнүктүрүү иштери уюштурулат.