www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 36%га өстү

Үстүбүздөгү жылдын январь-августунда Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 7,2 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул 2021-жылдын январь-августуна салыштырмалуу 36,4%га көп, муну менен бирге экспорттук жөнөтүүлөр 36,1 пайызга азайды, ал эми импорттук келип түшүүлөр тескеринче 1,8 эсе жогорулады.

Кыргызстандын ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен өз ара соода көлөмү 2022-жылдын январь-августунда 2,8 млрд долларды түздү жана 2021-жылдын январь-августуна салыштырганда 33,8 пайызга өстү. Муну менен бирге экспорттук жөнөтүүлөр 1,5 эсеге, импорттук келип түшүүлөр 27,6 пайызга жогоруланган.

"Республиканын ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен болгон өз ара соодасынын эң чоң үлүшү ушул жылдын январь-август айларында Орусияга (70,6 пайызга) жана Казакстанга (27,2 пайызга) туура келди", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости