www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн, 10-октябрда блогер Ырыс Жекшеналиевдин бөгөт чарасын карап, абактагы мөөнөтүн узартты. Соттун чечимине ылайык Жекшеналиев 14-декабрга чейин абакта калтырылды.

Соттун чечиминен кийин сөз сүйлөгөн Жекшеналиев соттун темир тосмосун тепкилеп, нааразы пикирин айтып, «түрмө менен сындыра албайсыңар, түрмө тескерисинче күчтөнтөт. Түрмө менен эч кимди коркута албайсыңар», - деди.

Сотко жеткирилген Ырыс Жекшеналиев журналисттердин суроолоруна кыскача жооп берип, 2 айдан бери эч кандай тергөө болбогонун айткан болчу.

«Полит Узник» баракчасынын администратору, 19 жаштагы Жекшеналиев 14-августта милицияга бир нече саат сурак бергенден кийин камалган. Буга Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону аталган баракчага жайгаштырганы негиз болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости