www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия Федерациясынын Expocar ​​стартапынын жетекчилиги Tesla компаниясынын заводдорунан Кыргызстанга, Россияга жана Бириккен Араб Эмираттарына электромобилдерди түз жеткирүү боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу россиялык RB.RU басылмасы жазды.

«Expocar стартапынын негиздөөчүсү Магомед Алиевдин айтымында, Expocar ​​Tesla заводу менен түз жеткирүү боюнча келишим түздү. Биринчи электромобилдерди бир айдын ичинде жөнөтүү пландалууда. Алгачкы этапта унааларды Кыргызстанга, Бириккен Араб Эмираттарына жана Россияга алып келүү пландалып жатат, бирок келечекте негиздөөчүлөр жеткире турган өлкөлөрдүн санын кеңейтүүнү көздөп жатышат», — деп белгилейт басылма.

RB.RU кошумчалагандай, Expocar ​​– бул 3D конфигураторунун жардамы менен машинаны чогултуп, аны түздөн-түз өндүрүүчүдөн заказ кыла турган онлайн дилердик борбор. Уюштуруучулар долбоордун негизги артыкчылыгы өндүрүүчү менен акыркы сатып алуучунун ортосунда ортомчулардын жоктугу деп аташат.

Эске салсак, өткөн жылы Кыргызстанга 46,6 миллион долларлык 1,7 миң электромобиль импорттолгон. Көбүнчө ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жок унаалар Кытай, АКШ, Түштүк Корея жана Литвадан алынып келинген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости