www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан соңку күндөрү саясий турбуленттүүлүктүн жаңы толкунуна күбө болууда. Президент Садыр Жапаров 10-февралдагы жарлык менен Ташиев Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы кызматынан бошоткондон кийин атайын тармакта тазалануунун оор фазасы башталды. Кызматтан алынган Ташиев Жапаровдун “эс ал досум, ден соолугуңду кара, тынч жүр дедим” деген салкын эскертүүсүнөн соң, сыртка чыгып кетүүгө аргасыз болду. 

Тазалануунун алгачкы илеби Ташиевдин үч орун басарына тийип, кызматтан алынды. Андан кийин 14-февралда УКМКнын Бишкек шаардык башкы башкармалыгынын жетекчиси алмашып Эльдар Жакыпбековдун ордуна Улан Бийбосунов дайындалды. 15-февралда Жакыпбеков кармалып, 2 айга камакка алынды. 6-февралда УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын начальниги Салмоор Жумабеков кызматтан бошотулду. Учурда кылмыш иши козголушу мүмкүн болуп турат.

Мунун артынан эле Министрлер кабинети силкинди. Ташиевдин кадрлары делген Жаратылыш ресурстары министри Медер Машиев, Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев, Транспорт жана коммуникациялар министри Абсатар Сыргабаев кызматынан кетти. Алдыда дагы бир топ жогорку кызматтагы аткаминерлер кызматынан алынып, дагы да чоң өзгөрүүлөр болору айтылууда.

Айтор, өлкөдөгү экинин бири катары таанылып, ички-тышкы саясатка таасирин тийгизип, кадрдык көптөгөн маселелерди чечип, өзүнүн бир топ санаалаштарын жогорку кызматка дайындаган Ташиевдин ишенимдүү адамдары четинен “критке чабылууда”. Мындай системалык тазалоо аягына чыгабы деген суроо учурда ачык бойдон турат.

Дегенибиз, туюк жара акыры жарылды. Сыртынан бүтүн көрүнгөн, ичинен ириңдеген жара жарылбаса, ириң канга өтүп, бүтүндөй организмди уулантмак. Акыркы окуялар дал ошол ириңдин жарылганын көрсөтүп турат.

Мурда УКМКнын түздөн-түз милдетине чалгындоо, контрчалгындоо, терроризм, экстремизм сыяктуу мамлекеттин коопсузудугуна коркунуч келтирген масштабдуу багыттар камтылса, кийин майдаланып отуруп бийликтин саясий оппонеттерин майкандаган куралына айланып, аягы барып ИИМдин функциясын өзүнө ыйгарып бандиттер, журналисттер менен алышып калды. 

Натыйжада, УКМКнын негизги багыты катары уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшү аң-сезимге сиңип, негизги милдетине анчейин маани берилбей калгандай болду.  Ырас, чынында “мыйзамдагы каралар” деп аталган кримтөбөлдөргө каршы катуу чаралар көрүлгөн. Бирок ошол эле маалда коомдо башка дооматтар да көбөйдү. Атайын кызматтын айрым адамдары өз ыйгарым укуктарын аша чаап, кыянаттык менен пайдаланып, өздөрү күрөшкөн каралардын ролуна кантип өтүп кетишкенин аңдабай калышты. Каралардын мүлктөрүн өздөрү ич ара бөлүп алышкан көрүнүштөр катталды. 

Мындан сырткары, кылмыштуу топтордон коркуп салык төлөп жүргөн ишкерлерди кийин “силер колдоо көрсөтүп келгенсиңер” деген жүйө менен кайрадан кысымга алышканы тууралуу нааразычылыктар көбөйдү. Мындан улам, бир топ ишкерлер "банкрот" болуп, ишканалар жабылып, мүлктөр талашка түшкөн учурлар орун алды. Бул жагдай эл арасында “пагончон мыйзамдагы каралар” деген түшүнүктүн пайда болушуна алып келди.

Мына ушундай алешемдиктерди президент өз убагында токтотуп, мыйзамдын үстөмдүгүн орнотуп, укуктук тең салмактуулукка алып келүүгө чечкиндүү чара көрүүгө мажбур болду. Азыркы тапта УКМК ичинде масштабдуу ревизия жүрүп жатканы жөн жеринен эмес. Учурда Башкы прокуратура жана ИИМ УКМКнын “кызмат абалынан аша чаап, мансабына таянып кыянаттык менен пайдаланган” өкүлдөрүн четинен текшерүүгө алып, айрымдарын камап жатат. Башкача айтканда, кечээ мыйзамсыздыкка каршы күрөш жүргүзгөндөр, бүгүн өздөрү текшерүүнүн объектисине айланды. 

Азыркы процесстер, Кыргызстан үчүн бурулуш учур. Мыйзам баарына бирдей иштесе гана адилеттик орнойт. Күч органдарынын ичиндеги тазалануу тандалма эмес, принципиалдуу болсо гана коом ишенет. Себеби, эртең Башкы прокуратура, ИИМ УКМКнын тас кейпин кийбеши зарыл. Укук коргоо органдары мыйзамдын алкагында чектен ашпай, кызыл сызыктан өтпөй, өз ыйгарым укуктарынын ченеминде иш алып барышы милдет. Анткени бүгүнкү мамлекеттик системадагы “кадрдык силкинүү” жокко чыкпашы кажет. 

 Дегенибиз, бул өзүн-өзү тазалоого болгон аракет болуп, жаңы саясий тирешке жол ачпашы зарыл. Бирок азырынча болуп жаткан окуяларга экинчи тарап үн ката элек. Кандай болгон күндө да саясий өзгөрүүлөрдүн артында жакшылыктар боло берсин!

Последние новости