www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайлык аскер эксперти Сун Чжунпинг Орусия менен тирешүүнүн аянтчасы катары АКШ Украинаны пайдаланып жатат жана Киевди курал менен камсыз кылуу менен Вашингтон кризисти курчутууну жана узартууну каалайт деп эсептейт. Бул тууралуу Global Times жазып чыкты.
«АКШнын Украинага курал-жаракты ойлонбой бериши тынчтык жолу менен жөнгө салууга жардам бербейт жана бул жаңжалды узартат. Америка Кошмо Штаттары жана НАТО Орусияны көпкө созулган кан төгүүгө түртүп, тузакка түшүргүсү келет», - деп жазат басылма.
Журналисттер АКШнын конфликтти созуу аракети жөнүндө да сураган. Кытайлык эксперт Киевди Вашингтондун колундагы куурчак деп да атады. Ал Евробиримдик менен АКШнын Украина тарапка курал-жарак жеткирүүсү күтүүсүз кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин эскертти.
Ушундай эле пикирди 6-апрелде Плимут университетинин Когниция институтунун докторанты Т.Ж.Колес да билдирген. Анын айтымында, АКШ Украинаны Орусияга каршы куралга айландырды жана АКШ Украинаны 20 жылдан ашык убакыттан бери «кутурганча милитаризациялап» жатканын баса белгиледи.
Буга чейин Мамлекеттик Думанын депутаты Леонид Слуцкий АКШ менен Улуу Британияны «Киев зоопаркына» курал берүүнү токтотууга чакырган. Ал - куралды Батыш коргонуу үчүн эмес, Украинаны Орусия менен «акыркы украиналыкка чейин» каршы туруу үчүн трамплин катары колдонуу үчүн берип жатат деп ишенет.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg